Домой Маданият Сыймык Бейшекеев: «Гүлмайрам эжебизге сыйлык эмес — сый урмат, наам эмес —...

Сыймык Бейшекеев: «Гүлмайрам эжебизге сыйлык эмес — сый урмат, наам эмес — нарктуу камкордук керек»

161

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата ырчы Гүлмайрам Момушовага КР эл артисти наамы берилеген. Бирок бул кечигип берилеген наамдын зарылчылыгы жок экенин ырчы Сыймык Бейшекеев Фейсбуктагы баракчасына жаздым.

Бейшекеев, улгайганда берген наамдын зарылчылыгы деле жок. Жаш кезинде берилсе сыймыктануу менен эл алдына таңшып ырдап чыгат эле, — деген оюн айтты.

“Адамды көзү тирүүсүндө сүйүнткөн кандай жакшы, Гүлмайрам Момушова эже менин апам курактуу. Ага эми  КР эл артисти деген ардактуу наам берилди, куттук айтып кубангандардын катарындамын, бирок деген ой мазамды алып, санаамды мыжып атат. Ошол бийик даражалуу наам ал кишиге азыр зарылчылыгы же тыйынчалык пайдасы барбы? Албетте жок, учурунда жок эле дегенде мындан 20 жыл илгери берилсе эл алдында жаркып ырдап, көпчүлүктүн жарпын жазып турмак да. Азыр Гүлмайрам эжебизге сыйлык эмес, сый урмат, наам эмес нарктуу камкордук керек. Мамлекет ушундан жарды болуп кетсе да жок дегенде батирден батирге көчүп жүргөн таланттуу апабызга 1 бөлмө үйдөн ачкычын берип койсо өмүрү узарып, мурунку жасаган эмгектеринин акыбети кайтканына маңдайы жарыла кубанмак беле деп ойлодум. Эжени карантин маалында азык түлүк жеткирейин деп замандаштарынан сурап жада калса дарегин таппадым”, -деди ырчы.