Домой Коом «Sydyman»: Элмир Сыдымановдун үй-бүлөсү, сүйгөн кызы жана кесиби

«Sydyman»: Элмир Сыдымановдун үй-бүлөсү, сүйгөн кызы жана кесиби

793

Жаштар арасында «Sydyman» деген ысым менен белгилүү болгон блогер жана вайнер Элмир Сыдыманов Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалды.

Коомчулукта кызыктуу талкуу жараткан Элмир Инстаграм баракчасында түз эфирге көп чыгып турат. Ал өзгөчө видеолору менен көп катталуучу топтогон. Учурда анын баракчасында 251 миң катталуучу бар.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, блогер Элмир Сыдыманов 1997-жылы туулган. Ата-теги Нарын облусунан болот. 4 бир туугандын эң улуусу: Жаннат аттуу карындашы жана эки иниси бар, апасы Махабат Молдомусаева. Ачык булактарда атасы тууралуу маалымат жок. Элмир кесиби боюнча ашпозчу-технолог.

Limon.KG топтогон маалыматтар боюнча, блогер моделдик чөйрөгө дагы аралашкан. Ошондой эле жарнамалык тасмаларга, клиптерге тартылып келет. Мындан тышкары Элмир Түркиянын Анталья шаарында эмгектенип келген. Ал жактан кайтып келгенден кийин «1.1. Studio» студиясында үн оператору болгон.

Элмир ал студиядан кеткенден кийин роликтерди жана вайндарды тартып баштаган. Ал үй-бүлөсүндөгү, кадимки жашоосундагы окуяларды видеого тартып, баракчасына жүктөгөн.

Элмирдин Нурай аттуу сүйлөшкөн кызы бар. Ал Казакстандын Нур-Султан шаарында жашайт. Элмир Казакстандан Нурай менен түшкөн сүрөттөрүн баракчасына жарыялап турат.

Блогер түз эфирин эң көп 8 миңдей адам көргөнүн, жакшы иштесе өзүнүн баракчасы аркылуу ай сайын 100 миң сомго чейин киреше тапса боло турганын айткан.

Жакында эле ал Инстаграм баракчасындагы түз эфиринде Кыргызстандын кээ бир облустарынын тургундары жөнүндө терс пикирин айткан. Ал сөздөрүн көпчүлүк элди бөлүп-жаруу катары кабыл алды. Ал эми Элмир бул абалды түшүндүрүп, кечирим сураган видеосун жарыялаган болчу.

Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Сыдымановду Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча кармашкан.

Кийинчерээк Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган Элмир Сыдыманов менен жолугушкан. Жолугушууда Элмир кыйноолорго арызданган эмес. Бирок жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз жазганын билдирген.

Булак: barakelde