Домой Саясат Сыдыгалиевдин сыры: Коррупциялык иштин фигуранты

Сыдыгалиевдин сыры: Коррупциялык иштин фигуранты

12
Жакында эле ЖКга депутат болгон Бектен Сыдыгалиев тууралуу айрым ЖМКлар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен  кызык маалымат жазып чыгышты. Маалым болгондой Сыдыгалиев УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшү кызматынын биринчи жетекчиси болгон.
Маалыматта Сыдыгалиевге 2016-жылдын декбарь айында кылмыш жаза кодексинин 204 – берене (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу), 304-берене ( кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери менен кылмыш иши козголгону айтылат. Бул кылмыш иш боюнча мэриянын, ТИМдин, УКМКнын айрым чиновниктерине айып тагылганы тууралуу маалыматтар бар.
Бул кылмыш ишинин толук  чоо-жайы азырынча жашыруун болуп турат.
Себеби, ага жашыруун делген гриф коюлганы айтылат. Сыдыгалиев тымпыйып сыр катпай, бул кылмыш иши боюнча өзү ачык айтып бериши зарыл.

Булак: Багыт