Домой Саясат Света Тойгонбаева, төлгөчү: “Президент шайлоону деле ойлогон жок. Элди апааттан, катар келген кризистерден...

Света Тойгонбаева, төлгөчү: “Президент шайлоону деле ойлогон жок. Элди апааттан, катар келген кризистерден сактап калуунун айласын издеп жатат”

98

Бу сапар төлгөчү. Айтымчы Света  Тойгонбаева менен коронавирустун алкагында баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

“Бийлик  бул коронавирус менен күрөшүүдө кайдыгерликке жол бербей чек араларды 2-3 ай жаап, адам эмес, чычкан да өтпөй турган кылышы керек”

-Коронавирус жөн эле чыга калган жок. Бул жараткан жиберген сыноо тагыраагы, кыямат-кайымдын белгиси деген коңгуроо. Алла Таала, адамдарды акчаны эле ойлобой пейилди да оңдогула деген максатта ушундай апаатты жөнөттү. Ошондой эле жараткан Кыргызстанга вирустун жеңил түрүн жөнөттү. Эми Кудай деп, ниетти оңдоп, дилибизди тазартсак, эрежелерди так сактасак, түлөө өткөрүп, жамаат менен эркектер намаз окуса, аялдар жолук салынып, жыт чыгарып, кудайдан жакшы тилектерди тилесе, даарат алып таза жүрсөк, жолдогу таштарды терип, ишембилик сыяктуу жер, суунун баарын тазаласак коронавирус жайылбай тез эле токтойт. Антпесек, аягы жаман болуп калышы мүмкүн. Анткени, чыр карталар түшүп жатат. Бийликтегилер кайдыгер болсо,  адамдар кырылып калышы мүмкүн деген аяндар келе баштады. Баса,   коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 25 адамдан көбөйүп кетсе, токтотуу көп убакытты талап кылаарын да эскерткен карталар түштү.  Бийлик да бекем болуп, бул илдет менен күрөшүүдө кайдыгерликке жол бербей чек араларды 2-3 ай жаап, адам эмес, чычкан да өтпөй турган кылышы керек. Анткени, вирус Кыргызстанга башка мамлекеттен келгендер аркылуу жугуп жатат. Карантиндеги талаптарды  туура сактап, дизинфекциялоону да эстен чыгарбай тазалыкты туу тутушубуз керек.

Булак: Майдан