Бу сапар төлгөчү. Айтымчы Света Тойгонбаева менен коронавирустун алкагында баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
“Сыноонун баарын көтөрө билсек, мамлекетибиз оңолот”
-Кыргыз бийлиги касиеттүү адамдардын сөзүн уга жүрсө, Кыргызстан ушундай абалга кептелмек эмес. Өзбекстан, Казакстандын касиеттүү жерлерин бийлиги оңдоп, түзөп койгон. Биздин аткаминерлер Манас ордо, Сафетбулан, Манжылы -Ата, Сулайман тоону оңдоп, түзөп койгондо Жараткан ушундай опурталдуу сыноолордон сактап калмак.Төрт туз түшүп жатат. Сыноонун баарын көтөрүп кетсек, мамлекетибиз өнүгөт.
Кыргызстанда жолу жок адамдар кызматтарда отурат. Ошолордун кесепетинен да мамлекетибиз ушундай оор сыноолорго кептелип жатат.
“Кыргызстанда эмес, чет жакта жүргөн эки жигит, бир кыз коронавирустун дабасын табат”
-Дарттын дабасын топ-топ болуп издеп, өз ара изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Кандай кылсак жеңебиз деп жанталашып, түрдүү изилдөөлөрдү жасап жатышат. Кыргызстанда эмес, чет жакта жүргөн эки жигит, бир кыз табат. Ошолор тапкан дары даба болот.
“Коронавирусту жеңүүгө салым кошкондордун зоболосу бийиктейт”
-Коронавирусту жеңүүгө салым кошуп, каражатын аябагандардын жылдызы жанат. Ал турсун саясаттан кеттим деп жарыялагандардын да кайра саясатка келишине шарт түзүлөт. Раим Матраимовдун жардамы ушуну менен эле бүтүп калбайт. Кыргызстанга дагы үч жардам берет деген аян түштү. Бири заманбап клиниканын курулушу куруп атканы көрүндү. Экөөсүн азырынча сыр кылып турайын. Бабанов да саясатка келип, элине жардам берет. Кыскасы, элге жардам берип жаткан азаматтарды кудай колдойт. Зоболосу бийиктейт. Асылбек Жээнбеков да четте карап турбайт. Ал да колунан келген жардамын кылат. Пирматов да кол-кабыш кыла баштаганы көрүнүп турат. Ташиевдин жолу ачылды. Буюрса, мындан ары эл колдойт.
Булак: Майдан