Бу сапар төлгөчү. Айтымчы Света Тойгонбаева менен коронавирустун алкагында баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
“Бул жыл чоң өзгөрүүлөргө бай, күтүлбөгөн бурулуштар орун алган олуттуу жыл болот ”
Бул жыл оңой олтоң жыл болбойт. Кыргызстанга чоң өзгөрүүлөр болгон, күтүлбөгөн бурулуштар орун алган олуттуу жыл болот. Жамгыр көп жаап, суу ташкындары болот. Кымбатчылык, тартыштык болот. Акчабыздын куну түшүп, инфиляция уланып каражат тартыш болоорун көрсөтүп жатат. Ошондой эле ГЭСтерде суу көбөйүп же азайып кетиши мүмкүн деген аян келип жатат. Кайсы облуста эмне болоорун айтпайм бирок, эл кооптоно турган жагдай жаралышы ыктымал. Ошон үчүн дилибизди тазартып, пейлибизди оңдошубуз керек. Кыргызстан түндүк-түштүк дебей биригиши керектигин билдирген аяндар келе баштады. Тагыраагы, оор сыноолорду түндүк-түштүк дебей бириккенде гана жеңе алаарыбыз жана көп маселеде элдин биримдигинин алдында чечилерин айтып жатышат.
Булак: Майдан