Домой Экономика Свет өчпөйбү: Токтогул ГЭСинде 13,4 млрд. куб метр эле суу...

Свет өчпөйбү: Токтогул ГЭСинде 13,4 млрд. куб метр эле суу бар

21

«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын 7-декабрга карата берген маалыматы боюнча, бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд. 489 млн. куб метрди түздү. Бул мурунку жылдагыдан дээрлик 3 млрд. куб метрге аз.

«Электр станциялары» ишканасы өлкөнүн башкы суу чөйчөгүнө топтолгон суунун көлөмү бир калыпта кармалып турганын билдирүүдө.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында Кыргызстан 5-ноябрдан тартып Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып ала баштай турганын кабарлаган.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. Суу сактагычка толгон суунун көлөмү 2010-2011-жылдары 19 млрд. куб метрден ашкан. Ал эми 2007-08-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, бийлик элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизген