Домой Коом Сузакта коронавирустан каза болгон баласынан вирус жуктуруп алган аял дагы каза болду

Сузакта коронавирустан каза болгон баласынан вирус жуктуруп алган аял дагы каза болду

389

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Бишкек шаарынан барган баласынан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 74 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди. «Бишкек шаарындагы базарда жашылча-жемиш сатып иштеген баласы айылга тажияга келген. Андан коронавирус инфекциясы аныкталып, 12-июнда ооруканага оор абалда жаткырылган. Ал 16-июнда каза болуп калган. Мындан улам анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн 8 адам карантинге алынып, анын апасынан дагы коронавирус инфекциясы аныкталган. Тилекке каршы, 26-июнда апасы дагы коронавирус илдетинен көз жумду», — деди Омошев. Эске салсак, Бишкек шаарындагы базарда жашылча-жемиш сатып иштеген 1984-жылы туулган жаран коронавирус инфекциясынын айынан каза болгондугу кабарланган.

Булак: Супер