Домой Коом СУЗАКТА КАТУУ САБАЛГАН 2 ЖАШТАГЫ НАРИСТЕ ЧАРЧАП КАЛДЫ

СУЗАКТА КАТУУ САБАЛГАН 2 ЖАШТАГЫ НАРИСТЕ ЧАРЧАП КАЛДЫ

29

Сузак районунда катуу сабалган 2 жаштагы бала чарчап калды.

Жалал-Абад ОИББнен билдиргендей, 27-январда саат 13:30дар чамасында Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган А.Б. аттуу баланын жансыз денеси түшкөн. Денесинде бир нече көгала тактар жана тытыктар болгон.

Бул факт КЖБРге катталып, кылмыш иши козголду.

Тергөө органдары тарабынан баланы карап жүргөн жеңеси суракка алынган. Анын дагы үч жаш баласы болгондуктан, азырынча бөгөт чарасы тандала элек.

Наристенин өз энеси 2019-жылы каза болуп калган, ал эми атасы Россияга иштеп кеткен.

Булак: Элдик мелиа