Домой Коом Сузакта башка бирөөнүн сөөгүн адашып жерге берген үй-бүлө

Сузакта башка бирөөнүн сөөгүн адашып жерге берген үй-бүлө

66

Коронавирус илдетинен улам каза тапкан Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылынын 54 жаштагы тургунунун сөөгүн алып кетүү үчүн ооруканага барган маркумдун жакындары адашып, Барпылык тургундун сөөгүнө жаназа окушуп, жерге беришкен. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, өткөн аптада коронавирус илдетинен Таштак айылынын 54 жаштагы тургуну облустук ооруканада көз жумган. Суук кабарды уккан жакындары маркумдун сөөгүн алып кетүү үчүн оорукананын өлүкканасына барышкан. Дарыгерлер аларга өлүктүн бетин ачып, 1,5 метр аралыкта көрсөтүшкөн. Маркум аялдын уулу, бир тууган иниси жана айылдашы көрүп, «сөөк биздики» дешкен.

Өлүкканада эркек киши сөөк жуугандыктан маркумдун жакындары дарыгерлерден өтүнүп, аялдын кызын, жакынын атайын коргоочу форма менен киргизип, өлүктү жууп чыгышкан. Андан соң Таштак айылындагы мүрзөгө түз алып барып, жерге берилген. Эртеси, жаназа окулуп, жерге көмүлүп калган аялдын чыныгы жакындары өлүкканадан анын сөөгүн таппай калышкан. Айылда орун алган окуя боюнча түрдүү маалыматтар да тараган. Сөөктү алып кетүүгө кошо аралашкан айыл имамы Шабдан Токоев дарыгерлердин эч кандай күнөөсү жок экенин, адашуу болгонун айтып, буларга токтолду.

«Биздин эжебиз шаарда турчу, ошол жакта иштечү. Өлүкканадагы кызматкер өлүктүн бетин ачып, 1,5 метрдей аралыкты сактоо менен көрүү керектигин айтышты. Уулу, бир тууган иниси, анан мен болдум. Мен деле тааныдым дегем. Атайын кийимдерди кийип алып кепинге ороп, ооруканадан түз эле жайына алып барганбыз. Азыркы шарт ушундай болуп жатпайбы. Жума күнү жерге бердик, ишемби күнү “өлүк алмашып калыптыр” дешти. Ырасында баарыбыз таң калдык. Ападан, бир боордон айрылуу өтө оор. Шок абалда болгондуктан алар адашып калышты. Адам ушунчалык бири-бирине окшош болгону таңдантып жатат. Жашташ экен, анан сырткы келбети, бет түзүлүштөрүнө чейин окшош. Бул жерде дарыгерлердин эч кандай күнөөсү жок, пенделик, адашуу болду. Адам болгондон кийин жаңылышат экенбиз. Ансыз да оор жоготууга учураган балдары үчүн сөөктүн адмашканы да кошумча кайгы болду», – деди ал.

Таштак айылынын тургундары алып кеткен маркум Барпы айыл аймагынын тургуну болгон. Жакындары ишемби күнү түшкө жакын өлүкканага келип, сөөктү таппай калышкан. Мына ошондо сөөк алмашканы белгилүү болот. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын патология бөлүмүн башчысы Жунусбек Ташболотовдун айтымында, илдеттен каза болгондордун бетин туугандарына көрсөтүп, алар тааныгандан кийин гана сөөктү берип жатышат.

«Таштактык маркум аялдын жакындары сөөктү өздөрү жууп алып кетүүнү суранышты. Атайын кийимдерди алып келишип, аялдын кызы, жакын эки аял кирип, сөөктү жууп чыгышкан. Иниси четте карап, айтып турган. Мүрзө даяр болуп калганын айтышып, сөөктү тез эле алып кетишти. Эртеси Барпылык аялдын жакындары өлүкканадагы сөөк алардыкы эмес экенин, колунда “Б” деген белгини таба алышпаганын айтып, ызы-чууга түшүп калышты. Анан сөөктү издеп баштадык. Таштак айылына сөөк алып кеткендерди чакырдык. Маркумдун уулу келип, муздаткычта турган сөөктү көрүп, “апам бул жерде жатат” деп таң калды. Барпылык аялдын туугандарынан жаңылышып калганын айтып кечирим сурады. Жума күнү бизде чынында жумуш оор болгон. Анткени бир күндө ооруканада 8 адам каза болгон, 4 аял, 4 эркек. Аялдардын улуусу 73 жашта, жаш келин жана 50 жаштын тегериндеги эки аял эле. Жашташ болгон аялдар бир аз окшош болгондуктан жаңылыштык кетирип алышты. Сөөктү кайра алып келип беришти», – деди ал

Булак: Турмуш.кж