Домой Коом Сузакта аялын кордогон адамга соттун чечими чыкты

Сузакта аялын кордогон адамга соттун чечими чыкты

478

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк асып алып сабаган киши күнөөлүү деп табылды. Сот аны эки жылга шарттуу түрдө кесип, сот залынан бошотту. Сузак райондук соту ушундай чечим чыгарганын 2-июлда Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюму билдирди.

Жалал-Абад облустук соту Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен шек саналган адам пробациялык көзөмөл менен эки жылга кесилгенин кабарлады.

Юристтердин түшүндүрмөсүнө караганда, пробациялык көзөмөл Жазык-процессуалдык кодекске жаңы киргизилген. Сот айыпталуучунун инсандык сапатын, жүрүм-турумун жана кылган кылмышынын кесепетин эске алып жаза берет. Соттун чечиминде өкүм чыккан адамга бир катар шарттар коюлат. Аны айыпталуучу так аткарышы керек. Эгерде аткарбаса, эркинен да ажыратылышы мүмкүн.