Домой Саясат Суу куйду…

Суу куйду…

69

Жалаң мамлекеттик кызматта жүрүп эсепсиз байыган Акылбек Жапаров деген бар. Учурунда каржы министри болуп турганда 10% деген каймана атка ээ болгон. Бул да жөн жеринен айтылбаса керек. Маселен, Каржы министри ар бир которулган акчадан,айрыкча курулуш, сатып алууларга кеткен каражаттан 10%тен жесе эле жылына оңбогондой акча жейт.

Ошол үчүн “Дамас” сыяктуу миллиарддаган сомду чапчыган мейманкана, элиталык үйлөр, соода борборлору курулду да. Айткандай, өткөндө Роза Отунбаева “Дамаскта” өткөн Текебаевдин китебинин бет ачарында: “Өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп, муну ким курганын билебиз” – деген бир кызык кепти айтты.

Келген бийликке жагынып, кеткен соң суу куйганды мыкты өздөштүргөн Жапаровду болду эми эс ал деп, абакты көрсөтүп койчулар качан чыгат?

Болбосо, ичип-жеп алып “Кыргызстандын элинин 90%и  Россияга кошулганга даяр” – деп дөөрүп былгыта берет.

Булак: Фабула