Домой Коом Суракматов: «Оорунун эң көп жуккан учурлары Ленин районунда катталууда»

Суракматов: «Оорунун эң көп жуккан учурлары Ленин районунда катталууда»

99

Мурдагыдай эле оорунун эң көп жуккан учурлары Ленин районунда катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

«Мурдагыдай эле оорунун эң көп жуккан учурлары Ленин районунда 118 адам жашайт, андан сырткары, Октябрь району боюнча 91 адам, биринчи май районунда 65 адам жана Свердлов району боюнча 58 адам», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Оору жуккан 106 учур Бишкек шаарындагы 23 турак жай конушунда жашайт:
Ленин районунда – 49
Октябрь районунда – 14
Биринчи май районунда – 30
Свердлов районунда – 13

Ооругандардын көбү:
Арча Бешик конушунда — 32
Ак-Босого конушунда — 13
Көлмө конушунда — 13
Көк-Жар конушунда — 8
Ак-Өргө конушунда — 7
калган конуштарда 1ден 4кө чейин учурлар катталууда.