Домой Коом Сурабалдиева: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча жыйынга, үч чиновникти жибербей койду

Сурабалдиева: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча жыйынга, үч чиновникти жибербей койду

119

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча жыйын Түркияда өтөт. Кыргыз Республикасынын беш өкүлү барышы керек болчу, бирок алардын үчөө өлкөдө калат.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева үч чиновниктин Түркияга сапарынан бюджеттик акчаны үнөмдөөнү чечти. Бул тууралуу ал Твиттерде жарыялады. Анын айтымында, беш кишиден турган кыргыз делегациясы 2021-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча жолугушууга Түркияга чогулушту. Вице-премьер-министр эки өкүлдүн сапарын Түркия тарап каржылашы керектигин, дагы үчөө бюджеттин эсебинен кетээрин түшүндүрдү.

Кабыл алган тараптын эсебинен Маданият министринин орун басары жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары кетишет.

“Калган көйгөйлөр ансыз деле жетиштүү. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө кичинекей нерселерден башталат” -деп жазган ал.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылы Түркияда өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынын айынан кийинкиге жылдырылган. Ага чейин оюндар Кыргызстанда үч жолу өткөрүлгөн.