Бул туурасында социалдык блокту тескеген вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөттө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселеси боюнча кеңешмеде:
» Мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек. Жаш муун туура маалымат алуусу абзел. Интернет айдыңында маалыматтарды ылгап көрсөтүү мүмкүн болбогондуктан, 15 жаштагы өспүрүм порнографиялык материалдарды ачык эле көрө алат. Ушул маселени чечүү керек», — деди. Ошондой эле ал интернет баарына тегиз жеткиликтүү болгондуктан ишенимсиз булактардан ар кандай багыттагы маалыматтар тарап жатканын айтты.
https://www.youtube.com/watch?v=699jczyAhLA&t=138s