Домой Саясат «Супер -Инфо» гезити бар болот, же жок болот…

«Супер -Инфо» гезити бар болот, же жок болот…

66

«Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кетти. Ал  үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» деген негизде иштен кетти.  Шатманова менен бирге  «Super.kg» сайтынын директору, сайттын башкы редактору да кызматтан кетишкен.  Белгилүү болгондой мурун эӊ көп нускалуу деген бул гезитти Кылычбек Султанов РАИММИЛЛИАРДга 2 миллион долларга сатканы боюнча маалымат тар ЖМКга чыккан. Негизинен жеӊил-желпи, ырчы-чоорчуларды ушактап, бир даӊазалап элге таанылган гезиттин нускасы бир кезде 100 миӊден ашкан. Андан кийин, көптөгөн туура эмес маалыматтар чыгып, нааразы болгондордун катары калыӊдаган. Учурда бул гезиттин нускасы 20 миӊдин тегерегинде. Матраимовдор  бул жеӊил желпи гезитти кантип көтөрөр экен, же бар кылаар, балким такыр жок кылаар…

Булак: Багыт