Сүлүктү шаарында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде прокуратура тарабынан иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, прокуратурага шаардын тургуну А.К. кайрылган. Анын арызынын негизинде, КРнын жер казынасы жөнүндө мыйзамынын жана КРнын коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү мыйзамынын аткарылышы боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалына текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген лицензиянын негизинде Сүлүктү шаарынын мэринин 2020-жылдын 11-сентябрындагы токтому менен «Т.Марипов» ЖЧКна 4,53 гектар жер көмүр казуу үчүн убактылуу пайдаланууга бөлүнүп, жер тилкени убактылуу пайдалануу укугуна В сериясындагы 080892 сандуу күбөлүк берилген. Аталган күбөлүктү берүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуусун жана алынбай калган пайданын көлөмү 314078 сомду түзгөн. Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан сунуш келтирилип, жыйынтыгында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын адиси А.П. эскертүү берилди. Ал эми республикалык бюджетке төлөнбөй калган 314078 сом акча өндүрүлдү.