Өзбекстандык Интернет булактарынын бири тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловго шилтеме берип, Кыргызстандын ичиндеги өзбек анклавдарына жол ачуу маселеси каралып жатканы тууралуу маалымат таратты.
Баткен облусунун мурдагы губернатору, чек ара боюнча эксперт Султанбай Айжигитов мындай деди:
— Эгер анклавдарга коридор берүү маселеси каралып жаткан болсо, бул чыккынчылык, биздин улуттук кызыкчылыгыбызды сатуу болуп эсептелет. Алар жөн эле жол сурап аткан жок, алар жол менен кошо Сох дарыясынын жээгин да өздөрүнө алып алгысы келип жатат. Башкача айтканда коридор берилсе жер да, суу да алардын колуна өтүп кетет. Ошон үчүн Кыргызстан аларга таптакыр коридор бербеши керек, бул жөнүндө керек болсо сөз да кылбаш керек. Аны “эч кандай коридор берилбейт, Кыргызстан чек арасы кол тийгис, башка жолду издейли” деп Өзбекстанга ачык айтышы керек. Жана бул биздин акыркы чечим болушу керек.
Маалым болгондой, Кыргызстандын Барак айылы Өзбекстанда анклав абалында жашайт. Баракка кеткени жолду Өзбекстан бир нече жылдан бери жаап салып, айылдын көпчүлүк жашоочулары Кыргызстанга чыгып кетишкен.
булак: ua.kg