Домой Азил Сулайманов суроого да, жоопко да таң калат

Сулайманов суроого да, жоопко да таң калат

57

Алтынбек Сулайманов

Шайлоо учурунда Алтынбек Сулаймановдун пиар компаниясынын жетекчиси ага кайрылып:
— Алтынбек Турдубаевич, сизди камерага тарта баштаарыбыз менен мен сизге бир жөнөкөй суроо берем, а сиз: “Мен баарын жасайм, бардык суроого жооп табам” деп жооп бересиз. Андан аркысы монтаждын жумушу. Түшүнүктүүбү?
— Түшүнүктүү.
— Мотор… Кеттик!
Студия жымжырт.
— Стоп… Алтынбек мырза, сизди суроо таңдандырып жатабы?
Анда Алтыкең башын тырмап:
— Суроо гана эмес… Жообу да айран калтырууда, — деген экен.