Домой Саясат Сулайманов менен Шыкмаматов биригишти. Шайлоого чоӊ күч топтоп жатышат…

Сулайманов менен Шыкмаматов биригишти. Шайлоого чоӊ күч топтоп жатышат…

167

Белгилүү саясатчылардын көбү, ишкерлер, активист жаштар ушул учурда биригип, баары теӊ алдыдагы шайлоого карата чоӊ күч топтоо аракетин көрүп, мындай көрүнүш күн сайын күчөп жатат. Андай максат менен биригип жаткандардын катарында «Бир бол» партиясынын төрагасы, ЖКдагы аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов менен өткөн жылы мандатын тапшырган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов экөө да бар. Алардын биригип, чоӊ күч топтоп жатышканы азырынча тар чөйрөдө кызуу талкууга алынууда. Эки саясатчы шайлоого катышуу үчүн учурда күчтүү команда топтоп жатышыптыр. Эски саясатчылардан «Бир болдо» экөө гана боло турганы, калган 90-95 пайызга чейин жаӊы жүздөр менен толукталып жатканын эшиттик. Ал эми өткөн чакырылышта бул партияны баштап баргандардын бири Мыктыбек Абдылдаев бул ирет талапкер катары шайлоого катышпайт. Бирок партиянын катарында аксакал катары, кеӊеш берип, бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, жол баштайт экен… Жакынкы күндөрү бириккен бул саясатчылар коомчулукка тиешелүү билдирме жасап, иш-чарасын өткөрүшөт экен…

Алтынбек Сулайманов буга чейин «Бир бол» партиясы башка партиялар менен бирикпей, шайлоого өз алдынча барарын баса белгилеп айтып келген…

Булак: Чагылган