Домой Саясат Сүймөнкул Жолдубаев, “Cool Bros” фабрикасынын жетекчиси: 5 жыл ичинде 5 миӊ адамды...

Сүймөнкул Жолдубаев, “Cool Bros” фабрикасынын жетекчиси: 5 жыл ичинде 5 миӊ адамды жумуш менен камсыздайм деп максат кылгам

4357
Кыргызстанда башка тармактарга салыштырмалуу жеӊил өнөр, анын ичинен өзгөчө кийим тигүү тармагы кыйла жанданып,  бул тармакта бери дегенде 300-400 миӊ киши эмгектенип, үй-бүлөсүн багып келет.  Дал ушул багытта ондогон, жүздөгөн адамдарга иш берип, элге да, мамлекетке да чоӊ пайдасын тийгизип келаткан ишкер инсандарыбыз да аз эмес. Алардын бири, тактап айтканда  сап башына сабалап чыгып калган ишкер мырза Сүймөнкул Жолдубаев менен кенен баарлашып, бүгүнкү ийгилиги, кечеги кыйынчылыгы, элге тийгизип жаткан пайдасы, келечек максаттары, ишкерликтин күнгөй-тескейинен кеп козгодук. Сүймөнкул мырзанын жетишкендиктерине себеп болгон кызык жагдайлары башкаларга да сөз жок сабак болуп кала турганын баса белгилеп кетмекчибиз.

—Сүймөнкул мырза, алгач окурмандарга өзүӊүз тууралуу айтып берсеӊиз?

—Биз 7 бир тууганбыз. 5 эркек, 2 кыз. Атам балдарынын аттарын: Алыкул, Сүймөнкул, Азимкул, Өмүркул, Кожомкул деп койгон экен. 2008-жылы ишкерликти баштадык. Кичинекей дүкөн ачсаӊ деле ага  ат коюш керек да. Мына ушул жагын ойлонуп олтуруп, кыргыздарга эле эмес, Европага, дүйнөлүк базарга өзүбүз өндүргөн товарларды чыгарып, аны дүйнөлүк бренд болуп эсептелген  “Адидас”, “Найк” деген сыяктуу эле дүйнөлүк брендге айланталы деген аруу тилек койгонбуз. Башка улуттарга да айтканга жеӊил болсун деп, бешөөбүздүн атыбыздын аягы кул деген сөз менен бүтүп жаткандыктан, ишканабыздын атын  “Сool Bros”  деп атадык. Бул англисче айтылган  сөздүн кыргызча мааниси “Кул бир туугандар ”дегенди түшүндүрөт.

2008-жылы өкүл ата менен биргеликте ортого 10 миӊ доллар чыгарып, Бишкектин Совет-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан лицейдин жер төлөсүндө ишти баштаганбыз. Мен кийим тигип, даярдайм, өкүл атам аларды өзүбүздүн мамлекетке, Казакстанга сатат, ошентип экөөбүздүн 5 кийим тиккен машинебиз менен баштаган ишибиз бүгүнкү күндө  ийгиликтүү болуп,  тиккен кийимдерибизди негизинен Россияга экспорттоп жатабыз.

“Ишканабыздын түптөлүшүнө ЮСАИД жакшы салым кошту”

—Кыргызстанда кийим тигүү тармагы менен алектенген майда жана чоӊ ишкерлер көп болгондуктан атаандаштык сөзсүз бар экени баарыбызга маалым. Бул атаандаштыкка  кандай туруштук бердиӊиздер?

—Биз негизинен жаш балдардын кийиминен тышкары аялдардын да кийимин тигебиз. Бул жагынан алганда атаандаштык бар. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын текстиль тармагы кыйла өнүгүп кетти. Бирок биз атаандаштыктын бир жолун таптык. Кантип? Өзбекстан жасай албаган, тиге албаган кездемелерди биз түрктөрдөн сатып алып, аны  сапаттуу жана баасын жеткиликтүү арзан  кылып Россияга экспорттодук. Бул аракетибиз абдан ийгиликтүү болуп, бизге кыйла ишеним артылды. Негизи кийим тигүү тармагы кенен, чоӊ тармак.  Атаандаштык канча күчтүү болсо да, күнү-түнү иштеп,  кандай  кийим тиксеӊ да сапаттуу кылып тигип, аны сатуунун жолун өздөштүрсөӊ, атаандаштыкка кадимкидей туруштук бере аласыӊ. Биз биринчи кезекте сапат маселесине абдан басым жасаганга аракет кылабыз. Тиккен кийимдериӊдин сапаты жок болсо Россияга экспорттой албайсыӊ. Бул жагынан абдан дыкаттык менен иш алып барабыз. Түркия ж.б. мамлекеттерде уюштурулган көргөзмөлөргө барып, баарын байкап, өзүбүзгө керектүүлөрдү алып турабыз. Айрым учурларда кыйын технологдорду ошол Түркия ж.б. өлкөлөрдөн жалдап келип, аларга 200-300 долларга чейин төлөп берип иштетебиз.

C. Жолдубаев. Башкы мүдүр…

Баарын кыдырып, көрүп чыктык. Фабрикаӊыздын имаратынан тартып, ичиндеги акыркы жабдыктарга чейин мыкты, акыркы үлгүдө экен. Бул деӊгээлге жетиш үчүн сиздерге ЮСАИД  жардам кылган экен. Аталган уюмга кандайча кайрылып, жардам алып калдыӊыздар?

—ЮСАИДке бир чоӊ фабрика куруу үчүн 1 млн. долларга бааланган долбоор сунуш кылганбыз. Ал уюм андай акча бере алган жок. Акыры биз сурган  сумманы азайтып олтуруп, 350 миӊ доллар беришти. Калган каражатты өзүбүз чыгарып, ушул имаратты, ичиндеги жабдыктарды алдык. Бул фабриканын ишке киргенине 1 жыл болуп калды. Кудай буйруса, кетирген чыгымдарды кайтарып алабыз деген үмүтүбүз бар. ЮСАИДге биз иштеген ишибиздин жыйынтыгын көрсөтүшүбүз керек, алар берген акчасы текке кетпегенин билип турушу абзел экен.

“Жумушчуларыбызга мыкты шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз”

—Бул фабрикада иштеген жумушчуларга да мыкты шарт түзүлгөнү байкалып  турат. Жалпы жамаатка негизинен кандай талаптар коюлган?

—Биз жумушчуларыбызга мүмкүн болушунча жакшы шарттарды түзүп бергенге аракетибизди кылып жатабыз. Көбү “Манас” аэропортуна жакын жайгашкан айылдардын тургундары. Шаардан келип иштегендер да бар. Алар аз эле. Бир кичи автобуска батат дегендей. Баардык жумушчуларды  эртеӊ менен белгилегенген жерден өзүбүздөн унаалар менен алып келип, фабрикага келгенде эртеӊ мененки тамак катары чайын, сүтүн, нанын беребиз.

Фабрикананын ашканасы…

Негизи өзү кийим тигип иштегендер, сүт, айран көбүрөөк ичип турушу зарыл. Түштө биринчи, экинчи тамагы, салаты, айран, компоту менен түшкү тамагын беребиз. Ишибиз эртеӊ мененки саат 8де башталып, кечи саат 18:30да бүтөт.Көбүнчө кийим тиккен ишканалар түнү менен иштешет. Бизде андай эреже жок.  Алты күн тынбай иштеп,  дем алыш күнү эл катары эс алышат. Айлыктары болсо ар кандай, көбүнчө иштегендерине жараша болуп калат. Мамлекетке жакшы эле суммада салык төлөп жатабыз.

—ЕАЭСке мүчө болуп киргенибизге 5 жылдын жүзү болду. Бул уюмга киргенден бери кандай кыйынчылык, кандай жеӊилдиктер болду? Кирип жаткан учурда жеӊил өнөр — жай тармагындагы ишкерлерге да кыйла шарттар түзүлөт деп көп айтылды эле. Чынында эле ошондой болуп жатабы?

—Экономисттер, серепчилер ЕАЭСке даярданбай, көп маселелерди чечпей туруп мүчө болуп киргенибизди эмдигиче айтып жатышпайбы. Чынында эле ошондой болду. Негизи көп жеӊилдиктер болушу керек болчу. Кыйынчылыктар  да, оорчулуктар да бар. Жеӊил болгон жагын айтайын. Биздин ишкана Бишкек шаарынын чечтинде жайгашкан. Ишкананын кире беришинде атайын биздин ишкана үчүн бажы көзөмөлү жайгаштырылган. Бул ишкананы Бишкек эркин экономикалык аймагынын ичинде түзүлгөн шартка ылайыктадык. Керек болсо БЭЭАдан да ыӊгайлуу шартта иштейт. Сиздер ишканага кирип келатканда эки “фура” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны көрдүӊүздөр. Ал унаалар бул жерге НДС, пошлина төлөбөй кирип келишти. Алар бизден жүк жүктөгөндөн кийин, бажы кызматкерлери бул жерге келип, өздөрү текшерип, көзөмөлгө алышат. Ошондо мен НДС, пошлинадан кутулам. Алар товарды Россияга барып, товарды саткандан кийин гана НДС, пошлина төлөнөт. Бул жагы бардык ишкерлерге абдан ыӊгайлуу болуп эсептелет. ЕАЭСтин талабы ушундай болгон үчүн биз ошол эрежеге ыктап жатабыз. Кыргызстанда текстиль тармагында мындай эрежеде өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн  азырынча биздин ишкана эле.  Бардык ишканалар ушундай ыӊгайлашкан шартта иштешсе, кыйла жеӊил болот.

https://youtu.be/W4xF4AhZZqM

“Жумушчулар соцфондго акча төлөөдөн качышат. Өкмөт бул маселени жеӊилдетиши керек”

Кыргызстанда көмүскө экономика көптөн  бери ийгиликтүү өркүндөп келатканы эч имге жашыруун эмес. Бул көрүнүш текстиль тармагында да бар да. Мына ушул көйгөйдү жоюу үчүн  өкмөт тараптан сиздин оюӊузча  кандай иштер жасалышы керек?

—Туура, биз ишкерлик кылган тармакта көмүскө экономика жок деп айтуу кыйын.  Эч кимге көрүнбөөгө, билинбөөгө араке кылышып,  иштеп жүргөн майда, орто ишканалар көп эле. Алар эмнеге ачык иштешкиси келбейт? Себеби, социалдык төлөмдөрдүн көлөмү чоӊ. Мисалы,  социалдык фондго алган айлыгына жараша 27 пайыздан 37 пайызга чейин төлөшөт. Бул ар бир тармакта иштеген кызматкерлер үчүн чынында эле оор. Маселен, бизде кызматкерлер 20 миӊ сом айлык алса, соц фонд айлыгынан 7 миӊ сом кармап калат.  30 күн бою тынбай иштеп тапкан акчасынын 7 миӊ сомун ким эле карматкысы келет. Ошон үчүн кийим тиккен ишканаларда иштеген тикмечилер айлыгынан соцфондго кармап калса, башка соцфондго төлөнбөгөн, болгону патент менен иштеген ишканаларга кетип калышат. Патенттин суммасы кыйла арзан. Ашып кетсе, 800 сом төлөшөт. Биздин ишкана болсо юридикалык ишкана да. Бизде иштегендер соцфондого тапкан айлыгынын 37 пайызына чейин төлөш керек болот. Юридикалык ишкана болбосоӊ сени менен чоӊ ишканалар келишим түзбөйт. Инвесторлор менен да иштеше албайсыӊ. Инвесторлор деле качат.

Дагы бир жолу баса белгилеп айтсам, негизи эле  Соцфонд маселелесине байланыштуу жумушчулар мына ушул жагынан качышат. Мындай учурда көп ишканалар көмүскө жагдайда иштегенге мажбур болуп кетишет. Муну өкмөт деле жакшы билет. Ишкерлер үчүн талапка ылайык шарттар түзүлсө, жакшы мыйзамдар иштелип чыкса, көмүскөдө иштегендер ачыкка чыкмак деп ойлойм.

—Өкмөткө түшкөн киреше да көбөймөк да…

-Ооба. Туура  айтасыз. Соцфонддун маалыматына таянсак, бир жылда текстиль тармагынан  16 миллион сом эле чогултат экен. Бул көрсөткүч мындан 3-4 жыл мурун 20 миллион сомго жетип турган. Жыл өткөн сайын соцфонддон чогултулган акча көбөйбөй эле, тескерисинче азайып баратат. Себептерин жогоруда айттык. Болбосо Кыргызстанда текстиль тармагынын товары экинчи орунда  турат. Бери дегенде бул тармакта 300-400 миӊ адам иштейт деп айтылып келет. Анын ичинен юридикалык ишкана болуп катталып иштеп жатканы биздин ишкананы кошкондо 2-3 эле. Калгандары патент системасында жана көмүскөдө. Бир жылда жалпы текстиль тармагынан 380 млн. сом салык чогулат экен. Ал эми Соцфонд бир жылда 16 миллион чогултуп жатканын айттык. Экөөнүн айырмасы абдан чоӊ болуп жатат. Эгер жогоруда айткандай, керектүү мыйзамдар, ыӊгайлуу шарттар иштелип чыкса, анда Соцфонддун чогулткан акчасы да көбөйөт эле. Бул жагы өкмөттүн кирешесине да жакшы болмок.

—Өзбекстан бүгүнкү күндө ар бир тармакта иштеген  ишкерлерге мыкты шарттарды түзүп, чоӊ жеӊилдиктерди берди. Биздин өкмөт тез аранын ичинде ал жакта жасалып жаткан реформалык кадамдарды эчак эле жасап койсо, мындай көйгөйлөр жаралмак эмес да…

Сиз айткандай Өзбекстан ишкерлерге жеӊилдик түзүү, инвесторлорду тартуу жагынан башка өлкмөлөргө абдан сонун үлгү көрсөтүп жатат. Эгер сиз 300 миӊ доллар инвестиция кыла турган болсоӊуз, сизге керек боло турган чоӊ имаратты колдонууга бекер берет. Болгону эски болсо оӊдоп-түзөп алышыӊыз керек. 3 жылдан ашык ийгиликтүү иштесеӊиз, ошол имаратты сизге каттап берет. 5 адамга иш берип, айлык менен камсыздасаӊыз, сизди 7 жылга салыктан бошотот. Сизге текшерүү кирбейт. Сизге ошол сиз иш жүргүзүп жаткан облустун губернатору өзү телефонун берет. Көйгөй жаралса ал кишиге түз чалып, маселени чечип аласыз. Мындайча айтканда, сизди губернатор өзү коргоого алат. Өзбекстанда жумушчунун күчү айына 60 доллардан 100 долларга чейин. Ал эми бизде 30 миӊден 60 миӊге чейин чыгып кетти. Көчөлөрдү карасаӊыз ар кайсы жерде кийим тигүүгө кызматкер керек деген жарыя жайнап турат. Иш бар, бирок жумушчу аз. Мындай боло берсе, текстиль тармагы үчүн жакшы эмес. Биз ушул өӊүттөн улам Баткенге фабрика ачалы деп максат  кылып жатабыз. Мисалы, Кызыл-Кыя шаарына Фергана өрөөнү жакын. Аралыгы 5 чакырым. Ал өрөөндө текстиль тармагы өнүгүп жатат. 5 чакырым аралыкта турган жерде бул тармак өнүгүп жатса, эмне үчүн ошол эле Кызыл –Кыяда иш такыр болбосун. Аракет кылса болот.

С. Жолдубаев: 3 жылдан ашык ийгиликтүү иштесеӊиз, ошол имаратты сизге каттап берет. 5 адамга иш берип, айлык менен камсыздасаӊыз, сизди 7 жылга салыктан бошотот. Сизге текшерүү кирбейт.

Негизи мен 5 жыл ичинде 5 миӊ адамга иш ордун түзөм деген максат койгом. Кудай буйруса, бул максаттарыбызга жетебиз. Ал үчүн эмгек жана эмгек керек.

—Баракелде! Чек ара маселеси чекке жетип, абдан курч болуп турган алыскы Баткенге ишкана ачуунун өзү эрдик эмеспи…

—Мен биздин шартта  фабриканы, ишкананы издеп эл келбей жатканын, тескерисинче ишканалар иштей турган элди издейт экен. Кайсыл жерде суроо талап жогору, жумушчу күчү анча кымбат эмес жер алыс болсо ошол жерде ишкерлик кылыш керек. Балким, ишкерлигиӊ ийгиликтүү болуп кетсе, ошол жердеги анча-мынча социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө пайдаӊ тийип калса жакшы эмеспи. Чынында Баткенде бул борбор шаарга салыштырмалуу жумуш күчү арзаныраак, бирок ошого жараша шарттарды түзүү, ыӊгайлашуу көйгөйү да оӊойго турбайт. Ошондой болсо да, тобокелдикке салып, башкаларды да ошол алыскы аймактарда ишкерлик кылууга үндөйт элем.

—Бул багытта  ишкерлик кылып, бирок сиз жеткен деӊгээлге жетпей жүргөндөр көп. Мына ошолорго жана да жаӊыдан ишкерлик кылам деп жүргөндөргө кандай кеӊеш берет элеӊиз?

—Биринчи кезекте жалкоолукту унутуп, абдан изденип иштеш керек. Баягы даяр жолго жабышып жатып калбай, мээдеги жакшы ой, жакшы акылга тоскоол болуп жаткан “дубалдарды” жыгып, башкача ойлонуп иштеш керек. Иштин көзүн билгендерден уялбай келип кеӊеш сурап, башкалар кантип иштеп жатканынан дайыма маалымат алып, акчаны кымтып, катып жата бербей, чет өлкөлөрдө өтүп жаткан чоӊ-чоӊ  көргөзмөлөргө катышып, ал жактан болушунча тажрыйба топтоо абзел. Анан эӊ башкысы сапатка абдан басым жасабаса, ишиӊ жүрүшпөйт. Мен деле ушул өзүм айтып жаткан жолдорду бастым. Кыйналдым, иш анча жүрүшпөгөн учурлар болду. Мындайда өжөр болуу зарыл. Өзбекстан, Түркия, айтор Европа мамлекеттеринин  дээрлик баарын кыдырып, ал жактагы жаӊычылдык, өзгөчөлүктөрдү алып келип, өзүбүзгө киргизгенге аракет кылып келатам. Негизи Кыргызстанга чоӊ буйрутмалар менен келүүгө даяр турган чоӊ ишкерлер бар. Бирок  аларга  ылайыктуу шарттар жок. Мисалы,  биздин фабриканын өндүргөн  товарларын Россиядан бир эле адам алат. Ал дагы кыргыз эже. Кээ бир учуруларда анын буйрутмаларына жетишпей да калабыз. Көпчүлүктө Кыргызстанда “Дордой”, Москвада “Люблино” деген эле базар бар, ошол базарлар менен иштеш керек деген түшүнүк калыптанып калган. Жок. Андай эмес. Толтура базар, толтура дүкөндөр бар. Мисалы, Москвада эле 17 миӊ дүкөн бар. Өзүбүздү жакшы жарнамалай албайт окшойбуз. Өндүргөн товарыбызды жакшы жарнамалап, сапаттуу, баасы жеткиликтүү  болсо, иш жүрүшүп кетет.

“Ящик сатып, 1000 долларга батир алгам”

—Сиздерде иштегендердин басымдуусу кийим тиккенди өз алдынча үйрөнүп, тажрыйба топтогондор да,  бизде аларды атайын окутуп, үйрөткөндөр деле жокко эсе да …

-Бул маселе ушундай жолго коюлуп калды. Бизде иштегендердин баары эле өз алдынча үйрөнүп, кыйла дасыккандар. Чынын айтканда мен деле окуганым жок. Жогорку билим албай эле, көбүнчө иш жүзүндө көрүп, үйрөнүп ол туруп, акыры ийгиликтерди багынтып жатабыз.  Мен өзү Ноокаттан 9-класстан кийин Бишкекке иштеш үчүн келе бергем.

—Ошол учурда сизге жылмайган ийгиликтин учкуну тууралуу кеп кылсаӊыз. Балким сиздин андай окуяӊыз, аракетиӊиз башкаларга чоӊ дем берет…

—Мен Бишкектен ишти базарлардан помидор, алмалар салынган ящиктерди 5 сомдон алып, аларды оӊдоп туруп, кайра башкаларга  15 сомго сатчумун. Ошентип иштеп жүргөн кезде бир күнү бир байке мага кайрылып: “Иним,жаӊы ящиктерди жасайсыӊбы, мага 2000 даана керек эле” деп калды. “Жасайм”- дедим.  Ново-Покровка айыл өкмөтүнө кайрылып,  жолдун боюндагы  эски теректерди  кыйдырып, айыл өкмөттөн сатып алдым.  Ошол теректерден  ящиктерди жасап, мага буйрутма берген байкелерге 1 доллардан саткам. Ошол иштен мен жалпы чыгымды кошо эсептегенде 2000 доллар таптым. Ал учурда шаарда бир бөлмөлүү батидир 1000 долларга алдым. Ал учурда батир баасы ошондой болчу. Кимдир бирөө окуп таасир алса, кимдер бирөө көрүп таасир алат дегендей,  мен көрүп таасир алып, ийгиликтерге жетишип келем. Негизи көп нерсе Кудайдан. Кудай сенин ишиӊди ийгиликтүү кылам десе, кандай кыйынчылыктар болсо да анын баарынан аман-эсен, жеӊиш менен чыгарат.

—Жакшы. Соӊку суроо болсун. Ислам дининде 40 коюӊ болсо, анын бирин сөзсүз түрдө  муктаждарга бер деген сөз бар. Мындан улам, кайрымдуулук  маселесине көӊүл буруп жатасыздарбы?

—Сөзсүз түрдө. Ансыз болбойт. Ишиӊ да жүрүшпөйт. Кайрымдуулук иштерин   шартыбызга жараша кылып турабыз.  “Элим барсыӊбы?” деген фондду колдоп,  тыгыз иштешип турабыз. Мечит, спорт залдын керек-жарагына каралашкан учурлар болду. Ден-соолугу чектелгендерге жардам кылабыз. Өтө муктаж болгондорго үй алып берүүнү да аракет кылып жатабыз. Айтор,  кайрымдуулук иштерине кайдыгер карабай, алуучу эмес, берүүчү колдон болгонго аракет кылабыз.

Баарлашкан: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

https://youtu.be/W4xF4AhZZqM