Домой Саясат Спикер каза болгон экс-депутатка көңүл айтууну парламентте талкуулайбы?

Спикер каза болгон экс-депутатка көңүл айтууну парламентте талкуулайбы?

95

Бу спикер Дастан Жумабеков барган сайын кемчилигин оңдогондун ордуна кайра күчөп, өзүнүн энөөлүгүн ачыктаганын койбоду. Кечээ жакында легендарлуу парламенттин депутаты, экономика илимдеринин кандидаты, эмгек сиңирген ишмер Базаркулов Сагындык 85 жаш курагында каза болуп жатса, ага көңүл айтканга жарабады.

Токмоктун, анын айыл-апаларынан миңдеген адамдар сагындык абабызды акыркы сапарына узатуу маалында:”Жогорку Кеңеш эмнеге биздин сыймыктуу уулубузга көңүл айтууга жарабады, бул парламенттин тарыхы го, Базаркулов элине эмгеги өткөн уулу эмес беле” дешип нааразы болушту. Базаркулов абабыздын балдары эмнеге экс-депутатка көңүл айтууга жарабадыңар таризинде Жогорку Кеңешке кайрылса, ЖКнын аппарат жетекчиси парламенттин отузга жакын пункттагы функцияларын катка тизмектеп, ошону менен бирге ал маселени депутаттардын кароосуна жөнөткөнүн билдириптир.

Эми мурунку депутат каза болуптур, “эмне кылалы, көңүл айталыбы” – деп талкуу жүргүзүшөбү? Кыргызда, атүгүл бардык эле элде каза болгон адамга көңүл айтууну парламентте талкуулабай эле, адамдык парзы катары кабыл алышат эмеспи. Өлүм кайсы мыйзамга баш ийет эле, буга спикер баш катырбай адамгерчилигин, жөн билгилигин көрсөтүп койгондо эмне, атаң гөрү.

Булак: “Ачык саясат плюс”