Азыркы тапта коррупцияга шектелип, сот жообуна тартылып аткан «Ата-Мекен» лидери Ө. Текебаевди коргоп, колдоп жүргөндөрдүн анабашында (адвокаттарынан сырткары) кимдер турат? А. Салянова, А. Шыкмаматов экөө турат. Экөөнүн тең учурда моюндарында кылмыш иштери бар. Бири аялынын автоунаасын Эсептөө палатасына кымбат баада пулдап жиберген болсо, бири М. Бакиевдин кан досу А. Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген.
Эми булардын катарына С. Жапаровдун «шестеркасы» атыккан Мелис Аспеков аттуу соттолуп чыккан жаш жигит кошулду. Анын жаш курагы эле жаш болбосо, эбак эле булганып калган жайын жанында жүргөндөр жакшы билишет. Мына ошол эрен бүгүн маалымат сайттарынын бирине «Текебаевдин сотунда көрсөтмө берип аткан Маевскийди тез арада камакка алыш керек» деп маек бериптир. «Эмнеге бул пара бергичти бийлик камабайт? Маевский камакка алынсын. Себеби пара берген адам да кылмышкер» дейт ал.
Эске сала кетсек, ушундай эле сунушту убагында «атамекенчилер» да айтып чыгышкан. Эми минтип соттолуп чыккан Мелис Аспеков да айтууда. Демек, алар ошондо Текебаевди пара алган деп аныктап атышат да, туурабы?
Экинчиден, дал ушундай соттолгон адамдарга күнү түшүп калса, анда Текебаевдин аргасы куруган экен деп калдык.