Сот башталганга чейин залда отурган Курсан Асановдун тарапташтары менен Разаковдун ортосунда сөз менен кайым айтышуу орун алды.
“Курсан экөөбүздүн ортобузда эч кандай тиреш жок. Бизде аласа, бересе дагы болгон жок. Бирок тилекке каршы мага каршы кандайдыр бир тымызын иштер абдан көп болуптур. Мен арыз жазып жатканымда Курсан Сатаровичтин тиешеси бар экенин билген жокмун”,- деди мурдагы вице-премьер-министр.
Ошондой эле Разаков өз сөзүндө кылмыш болсо сот талаасында чечилиши керек, ушак болсо ал кала берет деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, Асановдун ишинин алкагында мурдагы чиновниктин айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу жана «Чындык» сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков дагы суралууда.
Булак: Элдик медиа