Домой Саясат Сот Сапар Исаковду 15 жылга кести

Сот Сапар Исаковду 15 жылга кести

94

Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион сом чыгым тартканын аныктаган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Аны менен бирге мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей турган болду.

Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.

Эске салсак, Сапар Исаков 2018-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ал жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталып жаткан.Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап, тергөө мамлекет 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом чыгым тартканын аныктаган.

Мындан улам Башкы прокуратура Исаковду 15 жылга эркинен ажыратуу сунушун киргизген.

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаковдон тышкары, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар.

Булак: Спутник