Домой Саясат Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты

43

Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу 25-декабрда чечим чыгарды.

Жогорку сот депутатты мандатынан ажыратуу боюнча Бишкек шаардык соту чечим кабыл алганын бышыктады.

Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу чечимди саясий деп баалады.

23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген жүйө келтирген.