Домой Саясат Сот ишин шоуга айландыруу Садыр Жапаровдун эле башына муш болуп тиет

Сот ишин шоуга айландыруу Садыр Жапаровдун эле башына муш болуп тиет

44

23-июнда Биринчи Май райондук сотунда «бейбаштык», «бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу», «барымтага алуу» жана башка беренелер менен кылмыш иши козголгон экс-депутат Садыр Жапаровдун соту уланды.

Садыр Жапаров

Отурум башталбай жатып эле Жапаровдун адвокаттары судьяга опурулуп, ишти карап жаткан сотту негизсиз айыптап, аны бул ишти карабоого чакырды. Маселен, активдүү “ак жолчу” Нооманжан Аркабаев сотту создуктуруу үчүн ишти саясатташтырып, ар кандай негизсиз айыптарды сотко койду. “Урматтуу сот, сиз бул ишти карай албаймын деп деп баш тартыңыз. Ушул иштен тез арада баш тартыңыз. Саясый ишке аралашпаңыз”, — дейт ал.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу С.Жапаровдун адвокаттарынын жүйөөлөрүн негизсиз деп атап, ишенбөөчүлүккө эч кандай негиз жок экенин айтты. Прокурор бул аракеттер эптеп эле сот ишин создуктуруу үчүн жасалып жатканын билдирди.

Анан дагы сот отурумуна келген саясатчы Жылдыз Жолдошева С.Жапаровду мактап, аны духуң бийик деп мактады. Духу бийик кыргыздын жигити Садыр Нургожоевичтей болуп эч качан өзүнө-өзү кол салбаса керек.

Жыйынтыктап айтканда бул иште эч кандай саясат жок экени жаш балага деле маалым. Чыныгы кылмыш ишин саясатташтырган С.Жапаровдун тарапкерлери менен адвокаттары. Сот ишин минтип шоуга айландыруу Садыр мырзанын өзүнүн эле башына муш болуп тиерин унутпаса.