Домой Саясат “Сорос” фонду Кыргызстанды соолутабы?

“Сорос” фонду Кыргызстанды соолутабы?

52

zofran. 11

«Сорос Фонду» эл аралык бейөкмөт уюму ар жыл сайын эл ичине бүлүк салган ММКларды тандап алып, аларга грант деп тергеп кайыр-садага берип, бузуку иштерин жүзөгө ашырат. Быйыл “Говори ТВ” маалымат порталынын долбоорун жактырып, аларга ай сайын 450 миң сом өлчөмүндө каржы берип жатат. Келишим боюнча “Говори ТВ” “Лонгриддер” менен “Инфографиктерди» даярдап, “Сорос Кыргызстан” фондунун заказы менен материалдарды сайт бетине жарыялап турушу зарыл. Кызыгы, “Сорос Кыргызстан” фондунун комиссиясы “Говори ТВ” жамаатын таптакыр эле саясатташып кетпегиле деген талабын да койгон. “Талап койдук” дегени кагаз жүзүндө гана калып, иш жүзүндө теӊирден тескери нукта болуп жатканын кайда катышат?Же Говори ТВнын” жетекчиси Катя Урумканова убагында К.Бакиевдин, кийин Ө.Текебаевдин кол алдында иштеп жүрүп топтогон тажрыйбасын колдонуп, “Сорос Кыргызстан” фондунун комиссиясын колго алып койду бекен?! Ток этээрин айтканда “Говори ТВнын” журналисттери “Сорос Кыргызстан” фондусуна берген убадаларын унутуп, өз билгендерин жасап жатышат. Көрбөй калат дешеби, айтор “Ата Мекен” саясий партиясынын кызыкчылыгын көздөп, сот чечими менен жабылган “Сентябрь” каналынын архивинен алынган материалдарды берип, натыйжада “Сорос Кыргызстан” фондунун акчасы менен Ө.Текебаевди реабилитация кылуу максатында реваншисттик маанайдагы маалымат саясатын жүргүзүп жатышат. Тактап айтканда телеберүүлөрүн Ө.Текебаевдин опурулуп-оолуккан сөздөрүнөн үзүндүлөрдү үзбөй берип, аягында бийликти жамандап, элди митинг-пикетке үндөө менен жыйынтыктап жатышат. Баса, “Говори ТВ” убагында эл ичине экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткандыгы үчүн сот чечими менен жабылган “Сентябрь” ТРКнын техникалык базасынын негизинде түзүлгөн. Кожоюндары да ошолор. Ошондо “Сорос Кыргызстан” фонду элди митингге үндөп жаткан болуп калабы? “Сорос фонду” Кыргызстанды соолутабы деп жатканыбыз да ошондон улам. Ырас, “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дечи, бирок “Сорос” фондунун уставы боюнча экстремисттерди каржылоого тыюу салынган. Анда кайсы кара теке сүзүп “Соростуктар” соттун чечими менен экстремисттик маанайдагы маалыматтарды тараткан деп айыпталган уюмду каржылап жатышат?А балким, “Соростуктар” да котур ташын коюнуна каткан журт бузарлар болуп жүрбөсүн. Мындай бузуку иштерге көрөрмандар эле эмес, ошол эле “Говори ТВнын” чыгармачыл жамааты да нааразы болуп жатканы тууралу кептер айтылууда. Анткени К.Урумканова “Сорос фондунан” келген сомду сол чөнтөккө салып, идея үчүн иштеген “Ата Мекенчилерди” “Өмүрбек Чиркешович үчүн чыдап тургула” деп тил эмизип коет тура жарыктык.