Маалым болгондой Айеркен Саймаити Стамбулдан атып өлтүрүп кетишкен. Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, консулдук номер жасалма болуп чыккан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги машинага тагылган номер кимге таандык экени такталып жатканын билдирген.
Кечээ күнү Жээнбеков Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковду ээлеген кызматынан бошоттту. Албетте, жөн жерден кызматтан алынбайт деӊизчи. Ал ортодо интернет айдыӊындагылар экии жаатка бөлүнүп, Саймаитини Раиммиллиард көзүн тазалады дешсе, бир жааты бул ишти Атамбаевге оодарып жатышат. Кыскасы, Сайматинн өлүмүнө көп сырлар катылган. Анын көтөргөн телефонунда далай маалыматтар сакталып жатса керек. Эми ошонун баарын ачыктап, тиешеси барлар ачык айтылса, бизде кутуруп жүргөндөрдүн да бети ачылат эле…
Булак: Багыт