Домой Коом Сооронкулова, Касенов, Абакировдор биригип, Бишкек шаардык кеңешине бирге барышат

Сооронкулова, Касенов, Абакировдор биригип, Бишкек шаардык кеңешине бирге барышат

27

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ат салышуу үчүн үч партия биригүүдө. Алар – “Реформа”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Асман-Ала Тоо” партиялары. Биригип жаткан үч саясий уюмдун лидерлери Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров январдагы президенттик шайлоодо талапкер болушкан.

Үч партия меморандумга 18-февралда Бишкектеги “Достук” конок үйүндө кол коюшат. Саясий топ ачык болот, эгер көз караштар, идеялар төп келсе башка партиялар да кошулса болот, бирок эски саясатчылар кошулбайт, дешет саясатчылар.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болот. Аймактык шайлоо комиссиясынын 17-февралдагы маалыматына ылайык саясий өнөктүккө азырынча 10 партия ат салышуу ниетин билдирди.