Домой Саясат Сооронбай Жээнбековдон 25 суроо: Бабановдун жооп берүүгɵ духу,...

Сооронбай Жээнбековдон 25 суроо: Бабановдун жооп берүүгɵ духу, эрки жетеби?

132

2017-10-04_21-56-12_997350

КР Президенттигине талапкерлердин бири Ɵмүрбек Бабанов карама-каршылыктуу, басып ɵткɵн жолу шойкумдуу, сɵзү менен иши дал келбеген, басса-турса бизнесин ойлогон, куулук, митаамдыгы андан ашкан, керек учурда имерип, керек учурда сатып ийген, айтор одиоздук саясий фигура tamoxifen and weight gain.  экен. Карапайым элдин, коомчулуктун ага берчү кɵп суроолору бар экени талашсыз, анткени, анын артынан не деген гана сɵздɵр, ушак, имиштер ээрчибейт. Бирок «ууру тойгончо жеп ɵлгɵнчɵ карганат» демекчи, Бабанов ɵзүнɵ байланышкан сɵздɵрдүн баарын четке кагып, ɵзүн кристаллдай таза кɵрсɵтүп, бизнесин, ашып-ташкан акчасын таза бизнес жолу менен тапканын айткандан жадабай келет. Эгерде алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланып калса, кыргыз эли Бабановго байланыштуу кɵп суроолорго жооп алат окшойт, сыягы.

4-октябрда КТРКда ɵткɵн дебаттын жүрүшүндɵ Сооронбай Жээнбеков кимдин ким экендигин, байлыктарды кайдан алганын, кимдин коррупцияга канчалык малынганын жакшы билерин айтып, атаандашы Ɵ. Бабановго 25 суроосу бар экенин, ага бир күндɵ эмес, айлап, жылдап жооп берүүгɵ туура келерин билдирди. Жээнбековдун бул сɵзү Бабановдун жүрɵгүн лакылдатса, коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Албетте, КСДП талапкеринин Бабановго карата кандай суроолору бардыгын бир ɵзү билбесе, биз билбейбиз. Бирок боолголоо кыйын эмес. Бизнесине, рейдерлик аракеттерине, акча жасоо жолдоруна, акча кымыруу операцияларына, Айдар, Максим менен ымалаларына жана кɵ-ɵп шойкумдуу, мыйзамсыз иш-аракеттерине байланышкан суроолор экенинен шегибиз жок.

Мезгилден алдыга озгубуз келбейт. Жээнбековдун 25 суроосун билчү күн да алыс эместир. Бирок ага чейин коомчулуктун бүйурүн кызыткан суроолордун тегерегинде ой калчап, сɵз кылсак кантет? С. Жээнбеков Президент болуп калса, Бабановго кандай суроолорду берип, жоопторду талап кылышы ыктымал?

Алыс барбай, Бабановдун кечээги эле казак лидери менен жолугушуусун алалычы. Мында суроолор ɵтɵ кɵп. Назарбаев менен кантип жолукту? Анда эмнелер жɵнүндɵ сɵз болуп, казак лидерине эмнелерди убадалады?  Утемуратов баштаган казак олигархтарына кайсыл бизнес долбоорлорду берүүгɵ сɵз берди?  Ɵз максатына жетүү үчүн Бабанов ɵзүнүн элин, ɵлкɵсүн да сатууга даяр беле?

Ɵмүрүндɵ улуттук оюндар менен иши болбогон Ɵмүрбек Бабанов Кыргызстан менен Казакстандын кɵк бɵрү боюнча мелдешин утурлай Астанага эмнеге барды? Биздин команданын айрым мүчөлөрү менен бир эмес, эки ирет жашыруун жолугушуусунун сыры эмнеде?  Түн жамынган уурудай болуп, бул жолугушууну жашыруун уюштурууга эмне күч келди?

Бабановду чечен, казак, уйгур улутундагы олигархтары менен жакындан байланышы бар экени мурдатан айтылып келсе, шайлоонун шааниси менен ал биротоло тастыкталды.  Ɵкмɵт башчы болуп турган кезде 2012-жылдын 4-мартында казак олигархы Булат Утемуратов Кыргызстанга келип, аны Бабановдун жардамчылары аэропорттон чоң сый-урмат менен тосуп алышкан.  Ошондо ɵкмɵт башчы болуп туруп Бабанов эмнеге башка ɵлкɵнүн олигархы менен жолуккан? Ал жолугушуунун максаты эмнеде болгон?

Ал эми ушул жылдын 4-5-сентябрында Бабанов Ысык-Кɵлдɵгү «Аист» пансионатында  Россия, Казакстандын бир катар олигархтары менен жашыруун жолугушту. Алардын ичинде А. Машкевич, А. Ибрагимов, М. Бажаев да бар. Жолугушууда Бабанов алар менен эмнени сүйлɵшкɵн? Кыргызстанда тɵңкɵрүштү ишке ашыруу планынбы?

Кезинде Айдар Акаевдин «досуна» айланган Бабанов Акаевдин тушунда «НК Альянс» мунай  компаниясын негиздɵɵ менен миллиондогон салыктарды тɵлɵбɵй, ɵлкɵ бюджетине канча зыян келтирген? Кантип учактарды күйүүчү май менен камсыз кылуучу жападан жалгыз монополистке айланган? Ал үчүн Айдар менен Максимге канчадан берип турган? Бул бизнесинде канча салыкты ɵлкɵ бюджетинен жашырган?

Учурда суткалап Бабановду мактап, жактап келаткан НТС каналын жакшы билебиз. Аталган телеканал 2010-жылга чейин Максим Бакиевге тиешелүү эле. Кийин эле Бабановдуку болуп чыга келди. Улутташтырууга жатчу, мамлекеттин карамагына ɵтчү канал кантип аныкы болуп калды? Ага мыйзамдуу жол менен ɵткɵнбү? Же…

«Бабанов ɵз кызыкчылыгына жетүү үчүн шайтан менен да достошууга даяр» деп айткан сɵздɵрдɵ калет жок. Айдар кеткенден кийин Максимдин тилин табууга жетишкен Бабанов Максим Бакиев менен биргеликте эмне деген гана мыйзамсыз, рейдерлик иштерди жасаган жок. Анан да дебатта «Бакиевдер мени куугунтуктаганда…» деп айтканына жол болсун! Шайтан менен достошууга даяр адам калпты деле каратып айтат окшобойбу. Максим Бакиев менен биргеликте кайсыл объекттерди рейдерлик жол менен тартып алып, кимдерди сызга отургузган?  Корей ишкери Валерий Хондун бизнес объекттерин Максимге рейдерлик ыкма менен алып бергени үчүн эмне пайда кɵргɵн? Эмне үчүн айтылуу банкир айым Шарипа Садыбакасованын «Кыргызстан» банкын коркутуп, үркүтүү жолу менен тартып алган? Максим Бакиевдин банктагы үлүшү канча? Бүгүнкү күндɵ Бабановду Максим Бакиев менен кандай кызыкчылыктар байланыштырат?

Бишкектин четиндеги унаа базарын орус ишкери Борис Воробьевдон кантип алып алган? Ишкер базарды мыйзамсыз жол менен сатып алганын айтып, объектти кайтарып берүүсүн талап кылып жүрɵт. Бабанов мыйзамдуу, таза жол менен базарды алганын, рейдерлик болбогонун далилдеп бере алабы?

Ɵмүрбек Бабановдун ɵкмɵт башчылык кызматтан эмне себептен кеткени кɵпчүлүккɵ маалым. Түркиянын бизнес чɵйрɵсүнɵн кымбат баалуу жылкыны белекке ала коюп, ошонун ызы-чуусунан улам кызматтын кетүүгɵ аргасыз болгон. Суроо туулат, кымбат баалуу ал белекти кайсыл «эмгеги», же «кызматы» үчүн алган эле? Андай белек Бабановдун бакырайган кɵздɵрү үчүн эле берилбегени айтпаса да түшүнүктүү.

Бизнесте жүргɵндɵ акчанын күчү менен кутум максаттарын ишке ашырып келген болсо, бийликте турган кезинде кызматтык абалынан жетишерлик эле пайдаланып, оюна келгенин кылган окшобойбу. Болбосо, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырганы үчүн Россиянын 24 жаранынын ар бирине сыйлык иретинде ок атуучу тапанча бергенин кантип түшүнүүгɵ болот? Алардын ичинде Россиянын криминал ɵкүлдɵрү да бар экен. Кайдагы бир баш кесерлерге ɵзүнү буйругунун негизинде тапанчаларды эмне үчүн берген? Бул тууралуу дебатта Сооронбай Жээнбеков да айтты. Бирок Бабанов эч нерсе деп жооп бералган жок, унчукпай кутулду.

Минтип Ɵмүрбек Бабановго суроо артынан суроолорду узата берсе сɵз түгɵнбɵйт. Биз билгендерибизге гана токтолдук, а биле электерибиз канча дейсиз. Биле электерибизди Сооронбай Жээнбеков шайлоодон кийин айтар. Чындап келсе, Ɵмүрбек Бабановдун шойкумдуу басып ɵткɵн жолу, шектүү репутациясы тууралуу курч сюжеттүү бестселлер чыгарма жаратса, же кɵркɵм тасма тартса болот. Бул аша чапкандык эмес. Чыны менен эле Бабановдун саясаттагы, бизнестеги жолу ɵтɵ эле криминалдуу, мандемдүү факты, жагдайларга  толтура.

Биз жогоруда Сооронбай Жээбековдун 25 суроосунун шылтоосу менен Бабановдун дарегине бир катар суроолорду багыштап алдык. Суроолор жоопторго муктаж, бирок суроолордун жаралганына кɵп болсо да, аларга так жооп айтылбай келет. Ар бир бийликтин эбин тапкан Бабанов ар дайым «суудан кургак чыгып» келүүдө. Эгерде Сооронбай Жээнбеков ɵлкɵ башына келип калса, Бабановдун 25 суроого жооп берүүгɵ духу, эрки жетеби?  Жээнбеков сɵзүнɵ туруп коррупцияга каршы күрɵштү андан баштаса кандай болот? Коррупционер эмес, таза экенин далилдей алар бекен? Же алды-артын карабай Казакстанга качып, олигарх досторунун колдоосу менен Элбашынын  калкалоосуна алынабы?