Домой Саясат Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жайды жандантабыз, жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз

Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жайды жандантабыз, жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз

29

viagra from canada legal. I28A0470

Өнөр жайды жандантабыз, жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды курабыз, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында дагы, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, премьер-министр болуп турган мезгилинде ал башкарган өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алган жана анын алкагында жер-жерлерде 20 пилоттук шаарлар менен иштөө башталат. «Президент болуп шайланып калсам, алгачкы кадамым катары ар бир райондун, керек болсо айылдын шартына жараша адамдарды иш менен камсыз кылуу программасы болот! Кызыл-Кыя шаарында өнөр жайды жандантып, жаңы кайра иштетүүчү ишканалар  курулат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кыска убакта зор жетишкендиктер болгонун эскертти, анткени 2016-жылдын апрелинде ал премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады. «Мындай көрсөткүчтөр бир да өкмөттө болгон эмес», — деп белгиледи талапкер.I28A0544

«Бюджетти алалы. Былтыр 2016-жылы салык кирешеси 11 млрд сомго көбөйгөн. Быйыл бюджеттин чыгаша бөлүгү 151 млрд сомго жетти. Дагы көбөйөт. Анткени, мен көбөйтүү булактарын, жолдорун билем! Бюджет – жалпы элдин ырыскысы, уурдабаса эле бюджет көбөйөт», — деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Кыя шаарынын аэропортун куруу жана оңдоо маселесин карап берүүнү убада кылды.

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.