Өлкөбүздө оң рулдуу автоунаа айдап, аны коммерциялык багытта пайдаланып, үй-бүлөсүн багып аткан мекендештерибиз арбын. Андыктан «Автомобилдик транспорт боюнча» мыйзам долбооруна жана административдик жоопкерчилик боюнча кодекс коомчулуктун кызуу талкуусуна алынууда. Бул мыйзам долбоорунун авторлору оң рулдуу автоунаалар жол кырсыктарынын башкы себеби болууда дешет. Ошондон улам 2018-жылдан тарта Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга тыюу салуу керек дешет алар.
Бирок, мындай мыйзам долбооруна оң рулдуу автоунаа менен таксист болуп иштеп, оокат кылгандар каршы болууда. Чындыгында эле алардын коюп аткан талаптарынын жөнү бар. Себеби, бүгүнкү күндө алыскы аймактарга жана шаар ичинде каттаган таксилердин көбү оң рулдуу автоунаалар болуп саналат. Эгерде жогорудагы мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, анда миңдеген мекендештерибиз жумушсуз калышы толук мүмкүн.
Мына ушул көйгөйлүү маселе президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен болгон жолугушууларында берилүүдө. «Биз сиздин талапкерлигиңизди колдойбуз. Бизди ойлондурган бир маселе, 2018-жылдан тарта оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу тууралуу жазылган мыйзам долбоору болууда. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда көптөгөн адамдар жумушсуз калганы турат. Бул маселени кандай чечет элеңиз?», — деген суроо узатылды жолугушуулардын биринде. Буга Сооронбай Жээнбеков: «Мурда бул маселе 2020-жылга чейин болчу. Азыр 2018-жылдан тарта деп атышат. Кудай буюрса мен бул маселени чечип берем. Эми баары тең ошол такси кызматы аркылуу бала-чакасын багып атышат да. Мен муну түшүнүп турам. Ошол мурунку мөөнөткө чейин барат. Оң рулдуу автоунааларды сырттан киргизүү токтотулган. Бул өзүнөн өзү барып туруп, анан өз ордуна келет», — деп жооп берди.
Ооба, эгерде оң рулдуу автоунаалар жол кырсыктарынын башкы себеби боло турган болсо, аны анда башында эле өлкөгө киргизбеш керек болчу. Эми алар кирип калгандан кийин, болгондо да өтө көп санда кирип калгандан кийин кыска убакыт аралыгында эле аларды коммерциялык багытта иштөөгө тыюу салуу оор маселе болуп калат. Андан көрө андай автоунааларды сырттан киргизүүнү токтотуп койсок эле, жылдардын өтүшү менен оң рулдуу унаалар өзүнөн өзү азайып отуруп, эскилиги жетип, иштен чыга баштайт. Андыктан бул маселени оң жагына чечсе боло тургандыгын президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков убада кылып отурат.