Домой Саясат Сооронбай Жээнбеков: Менин программам куру убада эмес, реалдуу ишке ашырыла турган документ

Сооронбай Жээнбеков: Менин программам куру убада эмес, реалдуу ишке ашырыла турган документ

29

discounted cialis viagra. I28A9242

Менин программам куру убада эмес, реалдуу ишке ашырыла турган документ, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Чүй областынын Кемин районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал белгилегендей, программа анын көп жылдык мамлекеттик башкаруу практикасынан, эл менен баарлашуунун негизинде түзүлгөн. «Менин программам жөнөкөй элдин көйгөйлөрүн чечип, акыркы жылдардагы жетишкендиктердин баарын бекемдөөгө багытталган. Бизде өсүш менен өнүгүүгө бардык потенциал бар. Эң башкысы, мамлекетте туруктуулук сакталып турат. Биз өзүбүзгө ишене баштадык. Өнүгүү жолуна түштүк. Башка өлкөлөр менен тең укуктуу кызматташтыкты жөнгө койдук. Эми экономиканын мындан аркы өсүшү жана элдин бакубаттуулугу үчүн талыкпай иштешибиз керек. Биз бул максатка жетебиз», — деп белгиледиСооронбай Жээнбеков.I28A9211 (2)I28A9232

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ  Токтогул кочосу 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 29.09.2017 ж.