Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн үгүт ишмердүүлүгүнүн алкагында Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, анын президенттик иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири – чек ара маселелерин чечүү жана коңшу мамлекеттер менен достук мамилелерин бекемдөө. “Сиздерди Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелери тынчсыздандырарын жакшы билем. Өткөн жылдын август айынан бери 2017-жылдын августуна чейин өкмөт аралык топтордун 15 отуруму болуп өткөн. Мындай жолугушуулар 10 жылдан ашуун убакыттан бери өткөрүлө элек болчу. Натыйжада, биз бир чечимге келдик, мамлекет башчыларыбыз келишимге кол коюшту. Мен билгендей, ала-букалыктар ЕАЭБ келишимдеринин негизинде жабылган “Баймак” өткөрүү-көзөмөл пунктун ачууну сурап жатышат. Бүгүнкү күндө биз жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Өткөрмө пункту эртең эле ачыла калат деп айта албайм, анткени ар бирибиздин милдеттенмелерибиз бар, бирок эки өлкөнүн жетекчилиги элдин карым-катышы үзүлбөгөндөй кылып аракеттерди жасайт. Мен бул маселени абдан жакшы билем”, – деди талапкер.
Ошондой эле ал ала-букалыктар кара өрүктү өстүрүүнү мыкты өздөштүргөнүн жана айыл чарба жаатында иш-аракетин мындан ары да өнүктүрүшү керектигин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү башкарып турганда, жеткиликтүү насыялар менен камсыздоо максатында, алар айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагына берилген насыялардын ставкаларын 6 пайызга чейин түшүргөнүн эскертип өттү.
Ала-Бука районундагы жолугушууга 7 миңден ашуун адам катышты. Сооронбай Жээнбековду колдоп “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов, Ала-Бука районунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Саматкул Максымбеков, райондун ардагери Гафуржан Ражаббаев, эмгек ардагери Сайракан Асанова сөз сүйлөштү.
Даярдоочу: «АйбатАймак»Токтогул көчөсү 196
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 15.09.2017 ж.