Убагында КР президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн шайлоо алдындагы программасында негизги роль мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлинде коррупция менен күрөшүүгө бөлүнгөн.
КР президентин шайлоо боюнча үгүт иш-чараларын өткөрүү учурунда мамлекетибиздин башкы телеканалындагы 2017-жылдын 4-октябрында өткөн теле-дебатта Сооронбай Жээнбеков өзүн таза жана абийирдүү эсептегендиктен, эч кандай жаңжалдуу жана резонанс жараткан иштерге аралашпагандыктан коррупциялык көрүнүштөр менен дал өзү күрөшө турганын билдирген.
Ачык эле конкреттүү санды айткан – өтө катуу жана чечкиндүү күрөш жүргүзө турган коррупционерлердин 35 талапкерин.
2017-жылдын 24-ноябрында КР президенттик кызматына киришип жаткан Сооронбай Жээнбеков инаугурациялык сөзүндө Кудай алдында жана Кыргызстандын элинин алдында оң колун КР Конституциясына коюу менен өзүнүн убадаларын аткарууга ант берген.
2018-жылдын январь айында Нарын облусунун Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушуусунда мамлекет башчысы коррупция менен күрөшүүгө өзүнүн бекем ниети бардыгын бекемдеген.
КР жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Мамлекеттик «Ала-Арча-1» резиденциясында 2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин биринчи отурумунда «КР сот, укук коргоо жана надзор органдарындагы коррупция менен күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар боюнча» маселеси каралууда.
Коопсуздук кеңешинин төрагасы Сооронбай Жээнбеков коррупциялык көрүнүштөрдүн себептери жана пайда болуу булактарын жана талкууланып жаткан мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли, масштабы боюнча так жана түшүнүктүү айтып берди.
КР президенти бир катар катуу жана ишенимдүү билдирүүлөрдү жасады:
«Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм».
«Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат».
«Коррупцияга каршы күрөшүп аткан мамлекеттик органдар өздөрү коррупциялашкан, андыктан эффективдүү иш жүргүзө албай жатышат».
«Мамлекеттин өзөгү болгон сот органдарында, прокуратурада, финансы полициясында, улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында коррупциянын орун алганы — өтө кооптуу».
«Уюшкан кылмыштуу топтор ири рентабелдүү бизнести калкалоо менен алектенишет».
«Таза бизнес элди багат, ал эми “калкалоосу” барлар коррупционерлерди багат».
«Коррупциянын айынан алынып салынган героиндин саны төмөндөдү».
«Силер адамдарды кылмышкерлерден коргошуңар керек. Бирок, эгерде силер баарыңар жансакчылар менен жүрсөңөр, анда өзүңөрдү өзүңөр коргой албашыңар мүмкүн. Жансакчылардан баш тарткыла. Силердин кызматтык унааңарда мамлекеттик номерлер эмес. Силер укук бузууну ушундайча жашырасыңарбы? Форманы кийгиле жана силердин унааңарда бир гана мамлекеттик номер болушу керек».
«Бул күрөштө эң башкы күч — Президенттин саясий эрки! Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында “Коррупция менен күрөшүү — менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе” деп айткам. Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын! Силерден да Кыргызстанбызга, мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам!».
Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшө турганын, кызматына жана статусуна карабастан кимдин укугу кемсинтилип жатса, аларга жардам кылууну убада кылат.
КР президенти өзүнүн билдирүүсү менен дал бутага тийди жана бул анын саясый жана системалуу коррупциянын негизги көйгөйлөрүн өтө көңүл буруу жана дыкаттык менен иликтеп чыкканынан кабар берет. Мамлекет башчысы чечкиндүү жана катаалдык менен баардык сфераларда, бийликтин жогорку эшелонунан тарта ар бир айыл аймагына чейин коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылууга ниеттенип калганын билдик.
«Биз элдин үнүн угушубуз жана ачуу чындыкты таанышыбыз керек. Коррупция менен күрөшүү жалпы элдик мүнөзгө айланышы кажет», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.
Саясый, системалуу жана турмуштук коррупцияны жок кылуу боюнча күрөшүү жалпы жарандык коомдун активдүү катышуусусуз мүмкүн эмес. Эл ичинде «Өздөрү коррупционер болсо кантип коррупция менен күрөшөт» деп айтылган сөздөр – бул жөн гана абсурд.
КР президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында «Коррупция менен күрөшүү боюнча элдик фронт» түзүү керек. «Элдик фронттун» курамына карапайым элдин коомдук-өкүлдөрүнүн активисттери гана кириши керек.
Эмнеге «Элдик фронт», себеби бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияга каршы «согуш» жарыяланды, алар жөн гана кол көтөрүп беришпейт. Коррупциялык «спрут» менен өзүнчө командасы менен мамлекет башчысынын күрөшүүсү өтө кыйын жана татаал болот, андыктан Кыргызстандын элине таянуусу керек.
Ал эми мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы менен бирге болгондо, КР улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча белгилүү бир жеңиштерге жетишүүгө болот.
Расул ҮМБӨТАЛИЕВ, коомдук ишмер