Домой Коом Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Эртеңки бакубатчылык — бүгүнкү иштен”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Эртеңки бакубатчылык — бүгүнкү иштен”

48

    SAB_9167 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Коомдук телеканалга маегинде соңку алты жылдагы өзгөрүүлөр, ишке ашкан ири долбоорлор, келечекке жол салган ийгиликтер, алдыдагы милдеттер боюнча кеңири сөз кылды. Төмөндө ѳкмѳт башчысынын маегинен алынган айрым олуттуу фактыларды окурман журтчулугуна сунуш кылабыз.

Өзгөрүштүн 6 жылы

Премьер-министр акыркы 6 жылдын аралыгында мамлекетибиздин турмушундагы орчунду окуя катары ЕврАзЭСге  кирип, андан  артыкчылыктуу пайда алып жатканыбызды, аймактарда жолдор, мектептер, спорт залдар, бала бакчалар салынып, мектептер пландуу түрдө компьютерлештирилип жатканын баса белгиледи. Баарынан да энергетикалык көзкарандысыздыкка ээ болуп, атургай энергияны экспорттогонго жол ачылды. Ошондой эле 2013-2017-жылдарга карата өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясы кабыл алынганын белгилүү. Өкмөт башчынын айтымында, анын көбү ишке ашууда. “Былтыр апрель айында мен өкмөт башчысы болуп келгенимде Ички дүң продукция 4,9 пайызга, өнөр-жай өндүрүшү 26,6 пайызга түшүп кеткен эле. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде экспорт 17 пайызга төмөндөп кетсе, быйыл 5 айда  30 пайызга көбөйдү. ИДП жылдын жыйынтыгы боюнча 3,8 болсо, алты айда 6,4 пайызга өсүш болду. Буга биринчиден салык жеңилдиктери берилгени,  экинчиден төмөн пайыздуу насыянын, узак мөөнөттүү кредиттердин берилип баштаганы, Россия-Кыргыз фондунун  иштеп жатканы, экспортко чыгарып жаткан өндүрүшчүлөргө өкмөттүн катуу колдоо көрсөтүшү себеп болду”,- деди премьер-министр. coumadin levels.

 ЕврАзЭСтин талаптарына ылайыкташып бүтүп калдык 

Өкмөт башчысынын белгилөөсүндө, ЕврАзЭСге киргенибизде мыйзам жагы кынтыксыз болгону менен инфраструктура түзүү жагы кала берген. Сырттан келе турган каражатты эки жыл күттүк. Россия өз милдеттенмелерин аткарганы менен Казакстандан келе турган каражаттар келбей,  ошол себептен бизде фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларды  ЕврАзЭСдин талаптарына ылайыкташтыруу маселеси кечеңдеген. “Ушуну келээрим менен колго алдым. Мамлекеттен, бюджеттен каражат бөлүнүп,  чек ара райондорундагы фитосанитардык көзөмөл пункттары, ветеринардык лабораториялар бирдиктүү системага келтирилди. Дагы 13 фитосанитардык ветеринардык  лабораториялар толук ремонттон өтүүдө. Бул иштер ЕврАзЭСдин талаптарына ылайык  жылдын аягында толук бүткөрүлөт”,- деп белгиледи С.Жээнбеков.

Кайра иштетүү тармагын кантип жанданттык?

Бүгүнкү күндө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 246 млн. доллар кредит берилип, 753 долбоор иштей баштап,  каражаттын  көпчүлүгү кайра иштетүү өнөр-жайы тармагына  багытталганы кубанарлык көрүнүш. Эртеңки күндө мындан майнап чыкпай койбойт. Бул жаатта оюн ортого салган ѳкмѳт башчысы ушул чоң жетишкендик болгонун жашырган жок. Анын айтымында, учурда Новосибирск, Красноярскиге биздин продукцияны талашып алып кетип жатышат. “Биз өндүрүшчүлөргө кредит берүүдө бир эле Россия-Кыргыз фондун карабастан өзүбүздүн бюджеттен да берип жатабыз. Быйыл мына 6 пайыздан бербедикпи. Өткөндө экспортко чыгып жаткан, импортко кирип жаткан ишканаларга 6 пайыздан 3 жылдан 5 жылга чейинки кредиттерди берүү боюнча дагы 3,5 млрд. сомго кол койдум. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Улуу Жибек Жолу фондунан да кредит алып, Россия-Кыргыз фондундай фонд түзүп, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттер менен камсыздоо маселесин да чечкенге аракет кылып жатабыз. Бул дагы чечилет”, -деди Сооронбай Жээнбеков маегинде.

Рынокто биздин сүт өтүмдүү

Былтыркыга салыштырмалуу быйылкы жылдын 6 айында текстиль жана трикотаж продукцияларын экспорттоо 33 пайызга, бут кийим тигүү 2 эсеге, сүт азыктарын сатуу 1,8 эсеге көбөйгөн. Өкмөт башчысынын айтымында, кайсы жакта рынок бар ошол жагын өнүктүрүп, каражатты да ошол жака беришибиз керек. Мисалы, сүт боюнча биз толугу менен кайсы мамлекет болбосун атаандаштыкка чыга алабыз. “Ошол үчүн биз айыл жерин сүт өндүрүү жагына багыттап, сүт заводдорун бардык регионго курушубуз керек, — дейт премьер-министр ушул багытта пикирин билдирип жатып. – Мына азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Биз ар бир үйдөн сүттү сатып алып кете турган системаны түзүшүбүз керек. Мындан күнүгө каражат түшүп турат, ар бир үй-бүлөнүн жашоо деңгээлин көтөрүп миграцияны токтотот. Биздин айыл чарбабыз ушуга ылайыкташкан”.

 Ар бир аймактын өз өнүгүү жолу бар

Өкмөт башчысы маегинде аймактарды өнүктүрүүнүн концепциясы кабыл алынганын өзгөчө белгилей кетти. Анын сөзүнө  караганда, буга аймактардагы 20 шаар кирген. Азыр облустун борборлорун, өнөр-жайлуу шаарларды  биринчи өнүктүрүп, андагы  элге кызмат көрсөтүүнү Бишкек шаарындай деңгээлге жеткирүү максаты бар. Бул баарыдан мурда ички миграцияны токтотоору шексиз. Ошондой эле аймактарды жаратылыш өзгөчөлүктөрүнө жер-шартына жараша өнүктүрүү планы иштелип чыгыптыр.

Мисалы, Нарында эмне бар? Нарында мал бар. Демек, Нарында эт, сүт, эт, жүндү, терини кайра иштетишибиз керек. Нарындын бүт айыл чарбасы эт, сүт, жүн, тери өндүрүүгө багытталышы кетиши керек.  Баткенди өнүктүргөн өрүгү, тоо-кен тармагы бар. Ошол жагына көңүл бурушубуз керек. Ысык-Көлдө туризм бар. Дагы экотуризм, тоо туризми бар. Аймактарды өнүктүрүүдө ар бир региондун өзгөчүлүгүн эске алып, каражатты ошол багыттарга максаттуу жумшашыбыз керек”,-деп белгиледи ѳкмөт башчысы.

Дың жерлерге суу баратат

С.Жээнбековдун 2007-жылы А.Атамбаев премьер-министр болуп турганда айыл чарба министри болуп иштегени белгилүү. Премьер-министрдин эскерүүсүндѳ, ошол 2007-жылы Иринжит каналы башталганы менен убактылуу токтоп, кийин А.Атамбаев кайра премьер, президент болгондо бул долбоор кайрадан башталган.  Бүргөндү массивинде 3800 гектар жер ѳздѳштүрүлдү, Бул башталышы да. Муну мындай болот деп эч ким ишенген эмес.  Азыр дагы ирригациялык программаны иштеп чыгып, мурунку кемчиликтерди эске алып 3 этапка бөлдүк. Биринчи этап, азыркы ишке ашып жаткан 12 долбоорго 4 млрд. 900 млн. сом каралган. Каражат бар. Иш кетип жатат. Экинчисинде 17 долбоор бар, ал боюнча дүйнөлүк финансы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бюджеттен 800 млн. карадык. Үчүнчүсүндө 12 долбоор бар, буга азыр каражат жок, издеп жатабыз. 10 жылда этаб-этабы менен биз ушуну жасап 65 миң жаңы жер өздөштүрүлөт. 9600 гектар насос менен суу чыккан жерлерге, канал менен суу алып келип, насосторду жокко чыгарабыз. 50 миң гектар жердин сугарымдуулугу жогорулайт”,-деди С.Жээнбеков

Ак халатчандар колдоого муктаж

Учурдагы жер-жерлердеги ооруканалардын базасынын начардыгынан, медиктердин жетишпегендигинен ооруган жарандарыбыз аргасыздан Бишкекке, Ош, Жалал-Абаддагы облустук ооруканаларга агылышат. Премьер-министрдин айтымында, кезегинде реформа жүрбѳгѳндүктѳн алыскы аймактарда медициналык жардам көрсөтүү жагы каралбай калыптыр. Эми бул маселени чечүү колго алынганын Сооронбай Жээнбеков мындайча билдирди: “Алыскы аймактарга медиктер, биздин саламаттыкты сактоо тармагында иштеген врачтарыбыз айлыктын аздыгынан барбай  жатат. Айлыкты көтөрүү биринчи проблема болуп турат. Кечээ тапшырма бердим, эсептеп чыккыла кийинки жылдан баштап канча пайызга чейин көтөргөнгө мүмкүнчүлүк бар бюджетте деп. Айлык көтөрүү маселеси боюнча ишти баштадык. Жабдуу маселеси да бюджет аркылуу, сырттан келген долбоорлор аркылуу чечилип жатат”.

Таза суу баардык айылдарга жетет

Ѳкмѳт калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында 1,5 жылдан бери катуу иштеп жатканы маалым. Маектин жүрүшүндѳ дал ушул темада да сѳз жүрдү. Премьер-министрдин билдиришинче, жерибиздин астында да, үстүндө да суубуз кенен, мөңгүлөрүбүз да бар, ошол эле кезде айылдарыбыздын 45 пайызы таза суу менен камсыз болгон, 55 пайызында таза суу жок. Буга жалпысынан 30 млрд. сом керек. “Азыр 19 млрд. сом  боюнча сүйлөшүүлөр бүтүп, сырттан донорлорду таап, өзүбүз 200 млн. сомун берип жатабыз. Мурун 100 млн. болсо 200гө көбөйттүк. 6,7 млрд. сом боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат калганы дагы чечилет. Биз максат коюп жатабыз 5 жылдын ичинде Кыргызстандын бардык  аймактын таза суу менен камсыз кылууга. Муну ишке ашырабыз”, — деп маалымдады.