Домой Коом Сооронбай Жээнбеков: “Элдин үнүн бийликке жеткирип туруу —акындардын вазийпасы деп ойлойм”

Сооронбай Жээнбеков: “Элдин үнүн бийликке жеткирип туруу —акындардын вазийпасы деп ойлойм”

11

Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгын белгилеп жаткан учурда төкмө акын Аалы Туткучев кыргыз элин эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, мамлекеттик чиновниктердин алып барып жаткан иштерин, коррупциялык схемалардын көбөйүп бараткандыгын айтып ырдаган. Акындын ырдаганына Президент Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маеги учурунда комментарий берди:

“Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте. Мен да эл аралап жүрөм, элден көп кайрылуу келет. Ар кандай кайрылуу келет. Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз. Баардык эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз. Мына, эки жылдан бери тынбай айтып келе жатам, бул айтылган маселелер боюнча. Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча.Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз. Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу. Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Дүйнөнүн көп алдынкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкен. Бул аларга адаттагы көрүнүш болуп калган. Мурда да айткам, дагы айтам. Баарын камап түгөтө албайбыз. Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат. Ошол үчүн бул санарип саясатына абдан катуу көңүл буруп жатам.

Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу — ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кетейин. Эмдиги жылы Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Кудай буйруса, азыркы илдетти жеңсек, жалпы элибиз менен бул датаны чоң сыймык менен белгилейбиз. Жакында атайын Жарлыкка кол коем. Даярдык иштерин эмитен баштап, маданий, тарбиялык, патриоттук иш-чараларды биздин сүйүктүү мамлекетибиздин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата, даярдык иштерин баштайбыз. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ой-максаттарым бар. Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы акыныбыз дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди”,-деп билдирген мамлекет башчы.