Домой Коом СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БАЙЛЫКТЫН, БИЙЛИКТИН КУЛУ БОЛБОЙ, ӨЗ ЭЛИМДИН КУЛУ БОЛУП, КЫЗМАТ КЫЛУУГА...

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БАЙЛЫКТЫН, БИЙЛИКТИН КУЛУ БОЛБОЙ, ӨЗ ЭЛИМДИН КУЛУ БОЛУП, КЫЗМАТ КЫЛУУГА ДАЯРМЫН!”

52

       IMG_0200

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу СДПК партиясынын мүчөлөрү!

Үзөңгүлөштөрүм! Ардактуу меймандар!

Кыргызстаныбыз эгемендүүлүккө ээ болуп, көз карандысыз мамлекет болгонуна быйыл 26 жыл толот. Бул мезгил аралыгында мамлекетибиз, элибиз жакшылыктар менен катар бир топ сыноолорду, кыйынчылыктарды баштан өткөрдү. Бүгүнкү күндө Кыргызстаныбыз мамлекет катары бутуна туруп, ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү.

Биздин партиябыз өз өлкөбүз менен, элибиз менен бирге тарыхтын татаал жолунда Кыргызстандын жаркын келечеги, эркиндиги үчүн, коррупцияга белден баткан үй-бүлөлүк режимге каршы, мамлекетти коргоп, күрөшүп келди. Бул жылдар аралыгында биз өз элибиз менен чогуу болдук.

Ар бир саясий партиянын максаты – өз эмгеги аркылуу элдин калың катмарынын колдоосуна ээ болуу. Азыркы учурда элдин партиябызга болгон ишеними, зор үмүтү – ар бириңердин, катардагы ар бир мүчөнүн жана партияны негиздеген, түптөгөн лидери – урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин тарыхый тагдыры, мээнети.

 

Биздин партиябыздын тагдыры эгемендүү Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланышкан. Мына ушундай партиянын атынан эң жогорку мамлекеттик кызматка – Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары көрсөтүлүү – ар бир кыргыз жараны жана мен үчүн – чоң сыймык болот.

Учурдан пайдаланып, эң жогорку ишеним артып, талапкерлигимди көрсөтүп жаткан партиялаштарыма терең ыраазычылыгымды билдирем!

6-7 жыл мурда мамлекетибиз кандай эле? Ал татаал мезгилдер эсимде. Саясий оюндар күчөп, саясатчылардын жеке кызыкчылыктары үчүн жолдор буулуп, күнүгө жок дегенде 2-3 митинг болуп турар эле. Элдин маанайы сууп, чыр-чатактан чарчап турган кез эле. Ошол учурда “Кыргыз мамлекетинин келечеги барбы, кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн сактай алабы?” деп, жанды кейиткен ачуу пикирлер ачык эле айтылып калган.

Кыргызстанды ошондой оор кырдалдан алып чыгыш үчүн Алмазбек Шаршенович кандай эмгек кылганын, канча күч, канча эрк жумшаганын башкалар билбесе да, урматтуу партиялаштар, биз жакшы билебиз.

Атамбаев кыйын кезеңде Мекенибиздин түйшүгүн мойнуна алып, ошондон бери бул жоопкерчиликтүү милдетти татыктуу аткарып келатат!

Натыйжада, бүгүн өлкөбүздө тынчтык орноп, саясий жана экономикалык кырдаал туруктуу. өнүгүү жолубуз так аныкталып, улуттук стратегиянын алкагында максаттар ырааты менен аткарылууда!

Урматтуу мекендештер!

Келечекте Кыргызстанды күчтүү, экономикасы өнүккөн, жашоого ыңгайлуу, эркин мамлекетке айландырабыз.

Азыр даярдалып жаткан өнүгүүнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиясы беш жылдык программалар аркылуу ишке ашырылат. Алар жыл сайын конкреттүү иш-аракеттердин пландары жана инвестициялык программалар менен бекемделет.

Урматтуу съезддин катышуучулары!IMG_0251

Билесиздер, 2016-жылдын апрелинде Өкмөт дайындалып, мен Премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. Биз бул кырдаалды оңдоп, экономиканын өсүшүн камсыздадык.

Дүйнө экономикасындагы терс көрүнүштөргө карабастан, ЕврАзЭСке мүчө өлкөлөрдүн арасында биз экономикалык жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик.

2016-жылдын жыйынтыгы менен жалпы экономикабыз 3,8 пайызга buy cheap motrin online. , ал эми өнөр жай дээрлик 5 пайызга өстү. Быйыл да өсүү динамикасы сакталды. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады. Былтыр ушул мезгилде 17 пайызга төмөндөп кеткен экспорт 30 пайызга өстү.

ЕврАзЭСтин талаптарына ылайык экспорттук инфраструктураны жакшыртуу максатында заманбап лабораторияларды, чек арада өткөрмө пункттарды оңдоп-түзөп, жаңыларын куруп жатабыз.

Маалымат: Ветеринария, фитосанитария лабораториялары. Учурда республикада төрт фитосанитардык лабораториялар бар (Бишкек — Өсүмдүктүн карантини боюнча борбрдук жана Ош шаарларында, экөө аккредитацияланган, Кара-Буура жана Тюп, бардыгы заманбап жабдыктар менен камсыздалган жана экспертизанын бардык түрүн өткөрөт. Үч лабораторияны (Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарында) ишке киргизүү күтүлүүдө (Казахстандын техникалык жардамынын алкагында). Ушул иштерге жана региондун 12 лабораторияларын оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 172 млн сом каралды. Ветеринардык лабораторияларды оптималдаштыруунун натыйжасында 28 ден 19 калды. ЕврАзЭСтин алкагында Россиядан 2,6 млн АКШ долл заманбап жабдуулар берилди.

ЕврАзЭС гана эмес, Европа өлкөлөрүнө да экспорт активдешти. Мында биздин “ВСП плюс” статусуна ээ болгонубуз да оӊ таасирин тийгизди, далил катары айтсам, Европага экспорт 44 пайызга өскөн.

Урматтуу мекендештер!

Экономиканы өнүктүрүү максатында биз айыл чарбасына, кайра иштетүү, тигүү тармагына, туризм жана кызмат көрсөтүү индустриясына басым жасоону улантабыз. Бул аракет жумушчу орундарды көбөйтүү, элдин жашоо деӊгээлин жогорулатуу, өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга багытталган.

Чакан жана орто бизнеске шарт түзүп, түрткү беребиз, натыйжада алардын экономикадагы үлүшү 50 пайыздан кем болбойт. Инвесторлор үчүн Кыргызстан ыңгайлуу өлкөгө айланат.

Маалымат: “Айыл чарбаны финансылоо-5” долбоорунун алкагында 3,6 млрд. сомдук 9 миңге жакын кредиттер берилди. Кайра иштетүү тармагына насыяларды 6 пайызга чейин түшүрдүк. Жылдын аягына чейин аны 7 млрд. сомго жеткизебиз. Келечекте айыл чарбага жеңилдетилген кредиттердин көлөмүн 15 млрд. сомго жеткирүү максатыбыз бар. Лизинг программасын өнүктүрүүгө быйыл 1 миллиард сомдон ашык каражат каралды. Акыркы беш жылда жалпы суммасы 2,2 миллиард сом болгон 2 миңден ашык техникалар берилди. 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүүнү кеңейтүү программасы ишке ашуда. 2021-жылга чейин Айыл чарба кооперативин өнүктүрүү концепциясы Өкмөттүн токтому менен бекитилди. Концепциянын иш-чаралар планын аткаруу менен республикада айыл чарба кооперативдик кыймылды кеңири өнүктүрүлөт.

Жердин түшүмдүүлүгүн арттыруу максатында Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы кабыл алынды. Жакынкы 10 жыл аралыгында үч этап менен жалпы суммасы 58,8 миллиард сомго 46 суу чарба объектилери курулат. Натыйжада 66,5 миӊ гектар жаӊы сугат жери пайда болуп, 51 миӊ гектар жерди сугаруу жолго коюлат. Дагы кошумча 50 миӊ гектар жердин мелиоративдик абалы жакшырат.

Маалымат: Анын ичинен биринчи этапта 17 объектиге 4,9 миллиард сомдук каржы булагы аныкталды. 28 300 жумушчу оруну түзүлөт.

Экинчи этапта: 17 объект курулат, жалпы наркы 36,5 млрд сом, 150 500 жумушчу оруну түзүлөт. Каржы булагы боюнча донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Үчүнчү этабына 12 объект киргизилген. Суммасы 17,6 млрд сом., 66 миӊ жумуш орду түзүлөт. Каражат булагы изделүүдө.

Калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилет. Бул максатка 30 миллиард сом талап кылынса, анын 19 миллиард сом каржы булагы аныкталды. Дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Аймактарды өнүктүрүү максатында Регионалдык саясат концепциясы кабыл алынды. Анын алкагында экономикалык өнүгүүнүн борборлору катары өлкөбүздө 20 шаар тандалды. Ар бир региондун шартына жараша өзгөчөлөнгөн багыты аныкталды. Ага ылайык керектүү инфраструктура түзүлөт. Бул кластерлерди түзүүгө жасалган биринчи кадам.

Натыйжада региондордун өнүгүүсүндөгү айырмачылык жоюлат, борборду көздөй агылган ички миграция азаят.

Жаңы жумушчу орундарын түзүү – жергиликтүү бийликтин ишин баалоонун негизги критерийи болот.

Баардыгыӊар күбө, жер-жерлерде жолдор оңдолууда. Республикалык бюджеттен 2017-жылга жол тармагына жалпы 4 миллиард сом каралса, ошонун ичинен биринчи жолу район борборлорундагы жолдорду ремонттоого 750 млн сом каралды. Бул иш жыл сайын уланат.

Биз өлкөнүн транзиттик потенциалын арттырган долбоорлор боюнча иштерди улантабыз. Кыргызстан транзиттик көз карандысыздыкка жетишет. Аба майданында, автомобилдик жана темир жолдордо транспорттук коридорлорду ачабыз. Курулуп жаткан стратегиялык жолдор аягына чыгарылат. Бишкек, Ош, Баткен аэропортторун реконструкциялоо бүткөрүлөт.

Урматтуу замандаштар!

Энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. Өлкөдө жаңы энергетикалык инфраструктураны куруу жана иштеп жаткандарды модернизациялоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан ары электр энергиясын өндүрүүнү жана аны экспорттоону көбөйтүү зарыл. Ал үчүн энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүп, анын ичинде «CASA-1000» долбоорун улантабыз. Бул долбоор 2021-жылы бүтөт.

Быйыл Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ Токтогул ГЭСин модернизациялоо башталды. Натыйжада ГЭСтин кубаттуулугу 240 МВтка көбөйөт, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга узарат. Токтогул ГЭСин модернизациялоо — өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыгын чыӊдайт.

«Датка-Кемин» долбоору ишке кирди. Ат-Башы, Камбар-Ата-2 ГЭСтери, Жогорку Нарын ГЭСтердин каскады, Бишкек ТЭЦ сыяктуу бир катар ири долбоорлор, жана 11 чакан ГЭСтердин курулушу ишке ашат. Бул долбоорлор ишке ашса, 5 жыл ичинде Кыргызстандын энергосистемасынын кубаттуулугу 30 пайызга, же болбосо 950 МВт га көбөйөт.

Маалымат: 2016-жылы тармактагы каражаттын дефицитин 7,9 млрд. сомдон 3,3 млрд сомго чейин азайта алдык. Ал энергокомпаниялардагы чыгымдарды оптималдаштыруунун эсебинен болду.

 

Урматтуу партиялаштар!IMG_0217

2016-жылы бюджетке түшкөн салык кирешелери 93,8 млрд сомду түзүп, 2015-жылга караганда 9 млрд сомго, же 10,8 пайызга көп болду. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында салык кирешелеринин суммасы 47 млрд сом болду, бул өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу дээрлик 4 млрд сомго, же 9,3 пайызга көбүрөөк болду.

Азыр бюджеттик кирешени көбөйтүү максатындагы аракеттердин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом кошумча каражат алганы жатабыз.  Бажы тармагын жана салык системасын реформалоо аркылуу ички резервдерди таап, бюджетке кошумча киреше түшүрсөк болот.

Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирип, мамлекеттин мүлкүн тактадык. 2016-жылы мамлекеттик компаниялардын кирешелери 74,7 млрд сом болсо, ал эми чыгымдары 69,1 млрд сомду түзүп, бюджетке 2,5 млрд гана сом, же болгону 3 гана пайыз пайда түшкөн. Мындай абалды түп-тамырынан өзгөртүү зарыл!

Электрондук форматта маалыматты чогултуу жана бирдиктүү автоматташтырылган Мамлекеттик мүлк реестри түзүлөт.

Маалымат: Быйыл 1130 катталган ишканалардын ичинен 900 дөн ашыгы “кагаз жүзүндө” гана болгондугу аныкталды. Оптималдаштыруунун негизинде мамлекеттик ишканалардын санын 137 ге чейин кыскарттык.

Урматтуу замандаштар!

Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак-жай” программасынын алкагында мамлекеттик насыяга турак жай алуунун пайызын 14 пайыздан 10 пайызга чейин түшүрдүк. Аны 8 пайызга чейин ылдыйлатуу жолдорун карайбыз.

Жалпысынан 1,7 млрд. сом 1 422 ипотекалык кредит берилди. Ипотекалык кредиттерди алычуулардын категориясын кеңейтүү менен 2017-жылдын аягына чейин 2,7 млрд. сомдук 2 500 ипотекалык кредит берилгени жатат.

Насыя алгандардын көпчүлүгү – билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, маданият ишмерлери, социалдык камсыздоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Келечекте ипотека программасы мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, жалпы эле турак жайга муктаж адамдарды камтый турган мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандыктарды дүйнɵдɵгү атаандаштыкка даярдоо үчүн жаӊы сапаттагы билим берүү системасын орнотобуз. Жогорку билимдүү, алдыңкы технологияларды өздөштүргөн коом түптөлөт.

Мектеп мугалими менин көңүлүмдүн борборунда болот. Өзүм да мугалим болуп иштегем, бул кандай эмгек экенин жакшы билем.

Мектептерди курууга жана оңдоо иштерине эбегейсиз каражат жумшалды. Буга чейин 500гө жакын мектеп интернетке кошулган. 2017-жылы 775 мектеп интернет менен камтылат. Ошону менен республикадагы мектептердин 60 пайызында интернет болот. Калган мектептер да келечекте интернетке кошулат. Ар бир мектепте заманбап талаптарга жооп берген спорт залдарды курабыз. Ысык-Көлдө мугалимдерге пансионат бөлүнүп берилди.

Мамлекет билим берүү тармагын колдоону мындан ары да кеңейтет. Акыркы беш жылда Кыргызстанда бала бакчалардын саны 833 кө көбөйүп, мурда менчиктештирилип кеткен 144 бакча мамлекетке кайтарылды.

Менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтаруу менен катар, жаӊыларын куруу улантылат. Мектепке чейинки мекемелердин ишин каржылоо өткөн жылы 12 млн. сомдон 239 млн. сомго чейин өстү.

Саламаттык сактоо системасында айлыкты көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Кыргызстанда бир канча заманбап медициналык клиникаларды куруу жөнүндө макулдашууга жетиштик. Эң негизгиси, ошол эле клиникаларды курууга, жаңы медициналык жабдыктарды алууга өзүбүздүн бюджеттен каражаттарды бөлүүгө шарттар түзүлүп калды.

Мамлекеттик медициналык инфраструктураны натыйжалуу пайдаланууну жогорулатабыз.

Маалымат: 2016-жылы капиталдык салымдар боюнча 5,2 млрд сомго 97 социалдык объект курулду. Быйыл социалдык объектилер үчүн 5,9 млрд сом каралды. Авариялык абалдагы социалдык объектилер толугу менен оӊдолуп, жаӊыларын куруу иши улантылат. Курулуш менен катар аларды заманбап жабдуулар менен камсыз кылабыз. Социалдык камсыздоо системасы дайыма ачык-айкын жана адилеттүү болушу абзел. Карыларыбызга татыктуу шарт тартуулоого милдеттүүбүз. Биз пенсиялардын көлөмүн көбөйтөбүз. Мигранттардын пенсиялык жактан камсыз болушун алар иштеген мамлекеттер менен сүйлөшүп жатабыз. ЕврАзЭС өлкөлөрүнөн тышкары Түркия менен да бул маселени талкуулоо жүрүүдө.

 Урматтуу мекендештер!

Сот системасын реформалоо улантылат. Биз коомчулук күткөн соттордун адилеттигин жана ачыктыгын камсыздоону аягына чыгарабыз. Адилеттикти орнотуу – көп убакытты, энергияны талап кылат, бир президенттик мөөнөт менен эле бүтпөйт. Сөзсүз улантуучулук принциби керек болот.

Адамды, жаранды жана бизнести коргогон сот системасындагы реформаларды чечкиндүү улантып, аягына чыгарабыз. Соттор жеке менчиктин кол тийбестигин, ар бир жарандын теӊ укуктуулугун камсыздайт. Жарандардын улутуна, жынысына, диний ишенимине карабастан, биздин коомдо адамдын негизги укуктары толук бойдон сакталышына жетишебиз!

Президенттин жарлыгы менен башталган күч органдарын реформалоо жумушу аягына чыгарылат. Реформанын алкагында адам укугун коргоо – негизги багыт катары аныкталган. Экономикалык, криминалдык кылмыштар, экстремизм, терроризм менен күрөшкөн күч структураларынын функциялары так бөлүнөт, милдеттери жана функциялары кайталанбайт.

Көз карандысыздыктын негизги элементи болгон армияга Президент өзгөчө көӊүл бурду. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү реформаланып, алардын курал-жарак, техника, социалдык жактан камсыз болушу кескин жогорулады.

Жоокерлерибизди социалдык колдоо жүрүп жатат. Акыркы үч жылда аскер структуралары жана күч органдары  үчүн турак жай курууга 3,5 миллиард сом бөлүнүп, 1500 квартира берилди. Бул саясат мындан ары да уланат.

Урматтуу мекендештер!

Ɵнүгүүнү камсыздоо үчүн мобилдүү жана ачык мамлекеттик башкаруу системасы керек. Биз аны оптималдоо жумушун баштадык. Азыр министрликтердин функцияларына вертикалдуу анализ жасалып бүттү. Эми министрликтер арасында  горизонталдык талдоо жүргүзүлүп, бири бирин кайталаган функциялар жоюлат.

Мамлекеттик башкарууга кесипкɵй таза кадрлардын, жаңы муундун келишин камсыз кылабыз. Алар заманбап технологияны колдоно билген, жарандык коом менен тыгыз иштей алган адистерден болушат.

Биздин жаштар абдан активдүү, демилгелүү. Алардын потенциалын туура пайдалануу керек. Азыр жаштарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тартуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Мисалы, Башкы прокурор, Эсеп палатасынын, Улуттук банктын төрагасы, Каттоо кызматынын жетекчиси, Президенттин Аппарат жетекчиси, Юстиция министри, бир катар облус, райондордун жетекчилери курагы 40 ка жете элек жаштар. Бир катар министрликтердин орун басарлыгына, айыл өкмөттөрдүн жетекчилигине жаштар келди. Мамлекеттик кызматка бизнестен келген жаштар да бар.

Жаштардын курчтугу, улуу муундун тажрыйбасы шайкеш болгондо биз ийгиликтерге жетишебиз. Келечекте мамлекеттик башкаруунун ортоӊку звеносундагы жетекчилик кызматтын ар бир төртүнчүсү жаштардан болушуна жетишебиз.

Урматуу партиялаштар!

Бардык чөйрөдө коррупция менен келишпес күрөш жүрүп жатат. Башкаруу системасын реформалоо зарыл. Бул максатта “Таза коом” долбоорун ишке киргизүүнү тездетиш керек. Анын  башталышы менен коррупциянын деӊгээли кескин азаят.

Азыр “Түндүк” деп аталган электрондук башкаруунун системасын ишке киргизип жатабыз. Натыйжада жарандарыбыз бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды каалаган жеринен, каалаган убакытта оңой ала тургандай болот. Бул долбоор адамдык факторду кыскартат, коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт, жарандар тарабынан мамлекетке ишенимди жогорулатат, элдин көйгөйүн чечүүнү тездетет.

Маалымат: Азыркы учурда калкка жалпысынан 373 мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт, 96 лицензия-уруксат берүүчү документтерди берилет. 2017-жылдын аягына карата 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү пландаштырылууда.

Президенттин бекем саясий эрки менен, тоскоолдуктарга карабай, шайлоо кампаниясынын ачык-айкындыгы, адилеттиги камсыз болду. Заманбап технологияларды ишке киргизүү менен жарандарыбыздын эркин жана таза шайлоо укугун камсыздай алдык. Кыргызстанга аброй жана ишеним алып келген шайлоолордун адилеттигин камсыз кылуу – кийинки жылдары да актуалдуу бойдон калат, бул иш күчөтүлөт.

Урматтуу мекендештер!

Акыркы жылдары ɵлкɵдɵгү саясий кырдаал түп-тамырынан бери ɵзгɵрдү. 2016-жылы жасалган конституциялык реформа – парламенттик системаны бекемдеди; аткаруу бийлигинин туруктуулугун күчөтүп, сот реформасын улантууга негиз болду.

Тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылган мамлекет башчысы катары Президенттен, бийликтин бардык бутактарын, жарандык коомду жана бизнести консолидациялоону талап кылынат.

 Дорогие соотечественники!

Наша страна является активным участником интеграционных объединений, таких как, ЕврАзЭС, ОДКБ, ШОС. Участие Кыргызстана в них отвечают национальным интересам, и мы усилим сотрудничество в этих структурах!

Наиболее актуальными направлениями во внешней политике будут продвижение экономических интересов и обеспечение безопасности внешней среды развития.

Мы сохраним новый уровень стратегического партнерства с Российской Федерацией и будем развивать сложившееся веками дружеские отношения наших народов.

Считаю, что историческая общность гуманитарного, культурного, экономического, научного пространства с Россией является важным залогом нашего развития.

Наша активная внешняя политика будет направлена на дальнейшее укрепление отношений с нашим соседом Китайской Народной Республикой.

Кыргызстан должен сыграть свою роль в сопряжении двух больших проектов – «Евразийская интеграция» и «Один пояс – Один путь».

Я продолжу работу над тем, чтобы границы Кыргызстана с соседними странами были границами дружбы. В последние месяцы мы активно ведем переговоры, чтобы граждане Кыргызстана могли свободно посещать соседние страны, чтобы ничего не мешало общению между братскими народами. Мы должны завершить переговоры с нашими соседями по делимитации и демаркации границ.

Сохранение безопасности в приграничных территориях, укрепления традиционной дружбы и братства с нашими соседями – Казахстаном, Таджикистаном, Узбекистаном останется нашей приоритетной задачей.

Кыргызстан ведет дружелюбную, открытую внешнюю политику со многими странами мира. Мы продолжим традиционное наше партнерство со странами с которыми установлены дипломатические отношения, в том числе странами Европы, США, Японией.

Урматтуу мекендештерим!

Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев айтмакчы, кыргыздар – колдогону бар эл! Карт кылымда канча ирет кырылып барып тирилдик, чачылып барып бириктик?! Ал ортодо канча эл бириндеп жок болду, канча эл азыр мамлекетине жете албай зарлап жүрөт!

Жараткан бизге керемет жерди буйруптур! Ыймандуу, ынтымактуу, билимдүү, айкөл элибиз бар! Эки революциядан, улут аралык кандуу кагылыштан кийин кыска убакта улуттар аралык ынтымакты камсыз кылдык, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактап калдык! Бул – биздин эӊ башкы жетишкендигибиз! Биз тапкан жолубуздан бурулбай, өсүп-өнүп кетерибизден эч шек санабайм.

Дорогие соотечественники!

Всевышний дал нам возможность жить в Кыргызстане, стране с прекрасной природой и духовно сильным народом.

Наша культура и традиции помогли выстоять кыргызской государственности. Мы должны помнить свою историю, свою культуру.

Мы построим современное, свободное государство, основанное на сплаве технологических достижений и наследия предков.

В душе каждого кыргызстанца живет любовь к своему народу и чувство причастности к своей стране. Я горд, что являюсь частью СВОЕГО народа!

IMG_0254Урматтуу партиялаштарым!

Мен ушул жашка келгенге чейин турмуштун көп ачуу-таттуусун таттым, далай сыноолорду башыман кечирдим. Достук, жолдошчулук, эки жүздүүлүк, сатып кетмей – баарын көрдүм. Азыр акылга, тажрыйбага, билимге толуп турган кезим.

Мен бала чагыман жерге жакын өстүм, ат жалында чоӊойдум, мал бактым, суу сугардым. Кыргызстанда мен барбаган айыл, кокту-колот жок, ар бир жердин коён жатагына чейин билем. Ошондуктан, карапайым адамдын санаасы, көйгөйү, кубанычы мага жакын.

Жараткандын колдоосу менен, эл ишенген, Президентибиз тапшырган кызматтарда адал иштеп келдим.

Эми Кудайым буйруп, мекендештерим колдосо, мындан аркы негизги максатым – элиме, жериме ак кызматымды улантуу. Эл ишенимине, алкышына ээ болуу, аны актоо – мен үчүн намыстын иши!

Бул мага тагылган чоң жоопкерчилик экенин жакшы түшүнөм. Ал – Алмазбек Шаршенович Атамбаев баштаган оң өзгөрүүлөрдү, өнүгүү багытын улантуу, жетишкендиктерибизди сактап жана көбөйтүү жоопкерчилиги. Бул жоопкерчиликти мойнума алып, элдин, мамлекеттин жүгүн аркалоого күч-кубатым, дараметим, намысым жетет!

Менин бардык иш-аракетим ачык-айкын болот. Буга чейин кандай адал иштесем, мындан кийин да адал иштейм, кыӊыр ишке барбайм!

Элдин уулу катары, кыргыздын жараны катары айтарым: Мекениме ак кызмат кылам! Адилеттикти туу тутам, кландык, жердештик, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жол бербейм. Байлыктын кулу болбойм, элдин кулу болом! – деп куттуу трибунадан сөз берем!

Сиздерге рахмат, бар болуӊуздар!!!

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу СДПК партиясынын мүчөлөрү, достор!

Мага бийик ишеним артып, Кыргыз Республикасынын Президенттигине көрсөткөнүӊүз-дөр үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазымын!

Кудайым буйруп, элим колдоп, шайланып калсам, Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн билимимди, тажрыйбамды, күч-кубатымды жумшайм.

“Бийликке келерден мурда, андан абийириӊ менен кетериӊди ойло” дейт. Ушул кезге чейин чогулткан кадыр-баркымды, абийиримди сактап калуу, кызматтан кийин да эл арасында, сиздердин араӊыздарда башымды бийик көтөрүп жүрүү – мен үчүн эч нерсеге алмаштыргыс улуу дөөлөт.

Ала-Тоонун уулу болуп,

Өз элимдин кулу болуп,

Кызмат кылууга мен даяр!

Урматтуу саясий санаалаштарым, ардактуу коноктор, калайык-калк! Баарыңыздарга амандык, тынч, жакшы жашоо каалайм! Эгемен Кыргызстаныбыздын келечеги кеӊ болуп, гүлдөп өссүн!