Домой Саясат Сооронбай Жээнбеков: Акталаалыктар үчүн Нарын-Баетов көчөсүн асфальттоо башкы көйгөйлөрдүн бири болуп саналат

Сооронбай Жээнбеков: Акталаалыктар үчүн Нарын-Баетов көчөсүн асфальттоо башкы көйгөйлөрдүн бири болуп саналат

34

my secure tabs pharmacy. I28A0342Акталаалыктар үчүн азыркы тапта Нарын-Баетов көчөсүн асфальттоо башкы көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Андан тышкары, Нарын дарыясындагы дамбаны калыбына келтирүү, суу тосмосун куруу, таза ичүүчү суу менен камсыздоо – бул маселелердин чечилишин мен жеке көзөмөлүмө алам, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда.

Ал өлкөнүн бардык райондорунун борборунда, анын ичинде Ак-Талаа районунда ички жолдордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. «Быйыл ички республикалык жолдорду оңдоо үчүн алгачкы ирет республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берилди. Бул максаттарга 730 млн сом жумшалат. Бул багыттагы иштер улантылат. 2016-жылы жалпы өлкө боюнча жалпысынан 230 км жол курулду. Аны каржылоого 4,5 млрд сомго жакын каражат чыгымдалды», — деп маалымдады талапкер.I28A0486

Ал премьер-министр кезинде бул районго келип кеткенин эске салды. «Менин тапшырмам боюнча «Акталчат-Казарман» автожолунун тилкесиндеги көпүрөнү реконструкциялоо үчүн 50 млн сом бөлүнүп берилген. Бардык зарыл болгон курулуш иштери жакын арада аягына чыгарылат жана аталган көпүрө боюнча транспорт байланышы кайрадан жанданат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Даярдоочу: «Айбат Аймак»Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылга2017 ж.