«BMW-Х5 жолдун каршы тилкесине чыга калган. Бул учурда каршылаш келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерде мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.
Ал эми BMW-Х5 унаасын 41 жаштагы аял айдап бара жаткан. Аны наркологиялык борборго алып барганда спирт ичимдигин ичкен деген жыйынтык чыгарып беришти. Учурда рулдагы аял жана жанындагы жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасында. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө», — деп айтты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы.