Домой Коом Соңку суткада вирус 241 адамга жугуп, 1 адам каза болду

Соңку суткада вирус 241 адамга жугуп, 1 адам каза болду

73

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 241 киши жуктурду, ал эми 403 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Бир суткада катталгандар:

  • Бишкек — 73;
  • Ош — 13;
  • Чүй облусу — 55;
  • Ош облусу — 22;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 38;
  • Жалал-Абад облусу — 19;
  • Баткен облусу — 12.

Жалпысынан жугуштуу ооруга кабылгандардын саны 78 151ге жетти. Ушуну менен дартты жеңгендердин саны 71 270ке жетти. Ал эми COVID-19 илдетинен бир бейтап каза тапкан. Ал Ош облусунда дарыланып жаткан. Жалпысынан коронавирусту жеңе албай калгандардын саны 1 317 болду.

Стационарда 1 845 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 21 адам абалы канааттандырарлык, 1 236сыныкы орточо, 496сы оор абалда, ал эми 92си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 2 841 бейтап бар.