Домой Саясат Соңку суткада короновирус 481 адамга жугуп, 4 адам каза болду

Соңку суткада короновирус 481 адамга жугуп, 4 адам каза болду

18

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун жана дагы бирөө Чүй облусунун тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1241 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 481 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (176) жана Бишкек шаарында (124).Оору жуккандардын жалпы саны 70 366 кишиге жетти. Бир күндө 433 адам айыгып чыкты. Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3831 адамга жетти, алардын 3662си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 16 дарыгерден табылды.