Домой Экономика Сомдун курсу эмне себептен бекемделип жатат? Адистин түшүндүрмөсү

Сомдун курсу эмне себептен бекемделип жатат? Адистин түшүндүрмөсү

27
Сомдун долларга карата курсунун бекемделип жатканынын себебин финансы тармагы боюнча адис Илимбек Абдиев түшүндүрдү.
Финансисттин пикиринде буга убакыт өтүп, бизнесте абал тууралуу кандайдыр бир картина пайда болгондугу себепкер.
«Доллардын баасы кескин өсө баштаганына бир айдай убакыт болду. Андан бери абал турукташты. Бизнес чөйрөсүндө учурдагы абал боюнча картина пайда болду. Буга министрлер кабинетинин кризиске каршы аракеттери дагы жардам берди. Ошондой эле санкциялардын масштабы аныкталды», — деди Абдиев.
Мындан тышкары, Улуттук банк бир нече жолу интервенция кылып, суроо-талапты канааттандырды.
«Бир ай бою Кыргызстандын экономикасында эч бир чектөөлөр болгон жок. Андыктан коронавирус күч алып турган учурда үзүлүп кеткен байланыштар калыбына келди. Учурда азык-түлүк коопсуздугу, бюджеттик операциялар, ишкерлерди колдоо жана акча-кредиттик саясат кайрадан калыбына келип калды», — деди адис.
Эске салсак, бүгүн эртең менен доллардын баасы 4-5 сомго түшүп кеткен. Учурда АКШ долларын эң аз дегенде 91 сомдон сатып алып, 93 сомдон сатып жатышат.
Долларга карата казак теңгесинин курсу дагы бекемделди. Учурда 1 доллар 501,49 теңге деп бааланууда.