Дал ушул учурда Өмүрбек Бабанов кудайдын куттуу күнү беш сааттан сурак берип, УКМК менен Финполдун ортосунда жүрөт. Азырынча өзүн болбосо да, сырттагы унаасын камап коюшту, айнеги караңгылатылган деп. Заводдон ошондой чыкса, анын айнегин алып ыргытып иймек беле. Антип караңгылатылган унаалар Бишкекте иттин кара капталынан экенин баарыбыз билебиз. Бул — болгону психологиялык басым!
Экинчи бир жагдай, Өмүрбек Токтогулович УКМКнын тергөөчүсү Он-Адырга тийешеси жок эле кызыктай суроолорду берип жатканын айтып, баамымда 3 кылмыш ишин козгошкон окшойт деп билдирди. Ал иштер кайдан чыга калды?
Бабановго карата козголгон иштер саясий көрсөтмө аркылуу болгонун А.Атамбаев мойнуна алып, андагы УКМК жетекчиси А. Сегизбаевге «ишти жабыш керек» дегенин айткан.
Жергиликтүү жана эл аралык эксперттер Он-Адырдагы сүйлөнгөн сөздө эч кандай кылмыштын белгилери жок экендигин бир эмес 4 (!) жолу баса белгилешкен!
Демек, бийлик жөн эле саясий шоу жасай бербей, кылмыш иштерин кан буугандай токтотушу зарыл!
Бабанов президенттик шайлоодон кийин түп көтөрүлө көчөгө чыккан тарапташтарын таратып, шайлоонун жыйынтыктарын таанырын билдирген.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында чоң масса көчөгө чыгып тосуп алмак болуп, аны башкалар өз максаттарына пайдаланып кетмек болгондо, ага жол бербей, Москванын аэропортунан кайра тарткан.
Кечээ келгенде деле тоскон элге кыска гана ыраазычылык билдирип, үйүн карай жүрүп кетти.
Өлкөнүн коопсуздугу, стабилдүүлүгү үчүн дагы эмне кылышы керек?
Эки жолку парламенттик шайлоодо ири колдоого ээ болгон «Республика» партиясынын лидери, президенттик шайлоодо 600 мин шайлоочунун добушун алган, экс-премьер-министр, чыгаан саясий жана мамлекеттик ишмерге карата жасалган бу не деген мамиле?
Сокур көрбөй, дүлөй укпай эле калбаса, элдин басымдуу бөлүгү Өмүрбек Бабановду катуу колдоору белгилүү. Анын үстүнө мындай инсандар да элибизде жайнап жүргөн жери жок. Ошондуктан, алга, күчкө толуп турган реформатордун эмгегин өлкөнү өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга пайдалансак туура болмок. Бул элдин талабы!
Эл демекчи, эл азыр карап турат. Бийликтин Бабановго болгон мамилесин. Эгер эле Өмүрбек мырзанын башынан бир тал чач түшсө, анда элди эч ким токтото албайт! Бабанов дагы…
Кубат Болотканов