Домой Саясат Сокулукта күйөөсү өрт койгон аял каза болду

Сокулукта күйөөсү өрт койгон аял каза болду

117

Милициянын маалыматы боюнча, ал күнү мас абалында үйүнө келген 46 жаштагы адам жубайы тамак жасап жаткан маалда бензин чачып жиберген. Күйүп жаткан газдан келинге жалын жармашып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бир күн өтпөй алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголуп, шектүү камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.