Домой Коом Сокулукта аялды кул кылып, бутун чынжырлап койгон

Сокулукта аялды кул кылып, бутун чынжырлап койгон

96
Сокулукта аял киши 5 айдан бери кулчулукта кармалып турган. Милиция эч кандай чара көрбөй жатат. Бул тууралуу Kaktus.mediaга жабырлануучунун тууганы (сиңдисинин күйөөсү) билдирген.

Анын айтымында, мындан бир нече ай мурда жоголгон кайнежесин өткөн жумада тапкан.

Келинчегимдин эжесин анын үч кызы менен Сокулуктагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кулчулукка жумшаган. Окуя болгон жерге милиция келип, бардык арыздарды алып, акт түзүп кеткен. Бирок ошол күндөн бери кул кылып жумшагандарга эч кандай чара көрө элек. Кайнежемди кичинекей сарайда бутун чынжыр менен таңып камап койгон“, -деп айтып берген.

Булак: eldik.media