Бишкек шаарында Сокулук РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда АКИpress агенттигине күч органдарындагы булактары билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, милиционер зордуктоо факты менен козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом опузалаган. Аны кечээ, 21-декабрда «Ош» базарынан анча алыс эмес жерде акча алып жаткан жеринен Каржы полициясынын кызматкерлери кармашкан.









