Кыргызстандагы эң таасирдүү, окумдуу саналган “АКИ-пресс” маалымат агенттиги президенттик шайлоо боюнча сурамжылоо жүргүзө баштады. 10 күнгө созулган бул иликтөө 19-июлда аяктайт. 17-июль күнү саат 12:15деги жыйынтык боюнча болжолдуу саналган 18 талапкердин ичинен Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Учурда өкмөт башчысын колдогондордун саны 685ге жетип, жалпы добуш берүүнүн 29,6 пайызына ээлик кылган. Ал эми экинчи сапта бараткан “Республика — Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 29,2% добушка же 677 адамдын колдоосуна ээ болгон. Кийинки сапта Темир Сариев 29% (671) менен баратат.
Бир адамга – бир добуш принциби сакталган бул сурамжылоо үчүн аталган сайттын мобилдик тиркемесин уюлдук телефонго көчүрүп алып, катталып, андан соң гана добуш берүүгө жол ачылат. Андыктан бул иликтөөнү бурмалоо мүмкүн эмес.
Кыргызстандагы элдин пикири да ушул сурамжылоого канатташ болуп турганын ар кандай социологиялык иликтөөлөр тастыктоодо. Сооронбай Шарипович өкмөт башчысы катары жигердүү иштеп жатышы, ишинен натыйжа чыгара билгени анын беделин арттырып жатканын эксперттер белгилешүүдө.