Кыргызстандагы таасирдүү “AKИ-press” маалымат агенттиги мындан туура 10 күн мурда президенттик шайлоо боюнча сурамжылоосун баштаган. 19-июлда анын жыйынтыгы чыгып, көпчүлүк окурмандардын добушу менен Сооронбай Жээнбеков алдыга озду. 914 добуш топтогон С.Жээнбеков добуш бергендердин 32,4 пайызынын колдоосуна ээ болсо, “Республика — Ата Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 862 добуш же 30,6 пайыз колдонуучулардын баасына татып, экинчиге чыккан. Ал эми үчүн орунду камсыз кылган мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевге 747 адам добушун берген.
Бул сурамжылоо расмий жыйынтык катары эсептелбей турганын эскерткен аталган сайт, добуш берүүдө акыйкаттык сакталганын белгилейт. Чынында бул иликтөөдө бир адамга – бир добуш принциби сакталганын ага катышкандар айтууда. Маселен, ага катышуу үчүн уюлдук телефонго сайттын мобилдик көчүрмөсүн жүктөп, ага катталып, андан кийин гана добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
“AKИ-press” Кыргызстанда эң көп окурманы бар популярдуу маалымат агенттиги экенин эске салганда, сурамжылоонун жыйынтыгын реалдуу көрсөткүч катары атасак болот. Анын үстүнө бир катар эл аралык уюмдардын президенттик шайлоо боюнча алдын ала социалдык изилдөөлөрү да ушундай тыянак чыгарууда. Муну менен президенттик шайлоодо шансы боюнча алдыда бараткан талапкер деп Сооронбай Жээнбековду атасак болчудай.